-Эми сүйүүгө.
Деген менен калган өмүр сүйүүдө,
Жомоктон да уккам, түрү жөнүндө.
Балама арнап кагыламын күнүгө,
Бөлүнсө да,турмуштары өзүнчө.
Бир туугандын амандыгы,бир бакыт,
Көрбөсөм да боорум бирге,дилимде.
Түрлүү сүйүү,жүрөк байкуш бирөө эле,
Тирүүлүктөн түңүлткөн күн,келгенче.
Кантти экен деп,санаа тарткан бул сүйүү,
Түйшүк эмес,Жан Дүйнөмдөн түрүлө.
Күздөй салкын,жалбырактай саргайган,
Арзуу,Сүйүү бул махабат чок эле.
Деген менен Кайрылбасам,Сүйүүгө,
Сүйүү Жашоо,Сүйүү Өмүр,Тирүүгө.
Кереметтүү күчүн сездим,Сүйүүнүн,
Өмүрүмдө төрөлгөндөй,күнүгө.
Табыйгатты кантип Сүйбөй койомун,
Күн да жаңы,Түн дө түшүм,түрдөнсө.
Эки Дүйнө тагдырыңа ишенткен,
Топурактай жумшарамын бир күндө.
Жүзүм сылап,өтүп кетсе үрпүм жел,
Бул да Сүйүүм,Жараткан бар демимде.
Сүйүү менен Сокур Сезим ойгонуп,
Өзүмдөгү жылуулукту көрүүгө.
Качаганова Гульнара.2022.04.11.
г.Нижневартовск.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 41
Суйуун очпосун, калеминдин сыясы кургабасын. Бар бол. Зоболон оболой берсин
Өчпөгөн карыбаган
Айлампа жашоо менен
Чарк уруп арыбаган