Кадам сайын ачылып жаңы барак,
Сени мени бактылуу жазып жатат.
Бул өмүрдүн гүл отун чогуу кечип,
Бул күндөрдүн сынынан жаңылбасак....
Күткөн, бүткөн бул күнгө жетебиз деп,
Жүрсөк керек тээ башта кетенчиктеп.
Жолугушсак болмок аттиң балалыктан,
Чыкмак анда сен жөнүндө эчен китеп...
Жүрөгүмдү багынткан сендей пери,
Жүз кылым да жашасам келбейт эми.
Канча кыздар жүрөктү багынталбай,
Сындан өтүп өзүңө тең келбеди....
Күткөн күндөр жакындап келет улам,
Жаратканым жакшы күн бере турган.
Жазылбаган тагдырга чөгүп кетпей,
Сен экөөбүз бүт баарын жеңе турган....
Кадам сайын ачылып жаңы барак,
Сени мени бактылуу жазып жатат.
Бул өмүрдүн гүл отун чогуу кечип,
Бул күндөрдүн сынынан жаңылбасак....
АЗИРЕТИАВЫТ НУРБЕКОВИЧ...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 2