Суйуу менен демекчимин.
Эркек менен аялдын суйуусу жонундо соз болгон жок.
Озунорго болгон суйуу жонундо айтып жатам. Жараткандан кийин албетте.
Ооба, бул фразаны далай жолу уктунар болуш керек.
Бирок озунорго болгон суйуу эмнеден башталат экенин билбей жатасынарбы?
✅Озунордун организминерди, дененерди суйгуло.
Корунгон пайдасынан зыяны коп тамак-ашты тыкпагыла зордуктап.
Кыймылсыз жашоо менен же тескерисинче суукта ушутуп,ысыкта кунго кактап кыйнабагыла. Чылым чегуу, алкоголь менен уулантпагыла.
Организмге хрусталдан жасалган вазадай мамиле кылгыла.
Кудайдан, табияттан берилген белек бул.
✅Жашоого ,адамдарга коз карашты озгорткуло. Суйууго суусаган аял баарынан суйуу талап кылат. Баарынын конулун бурдургусу келип, баарын чарчатышы мумкун. Маршруткадан, дукондон урушуп, жини тез келген айымдарды корсонор, капаланбагыла.
Ал суйуу энсеген, суйууго суусаган айымдар, кичинекей баладай: “Мага конул бургула”- дейт😓,бул алардын жан дуйносунун кыйкырып ыйлап жатканы.
.✅Суйуунорду бергиле, тараткыла, чачкыла!
Балдарга чомучтоп бергиле, ата-эне, бир туугандарга чакалап бергиле. Алар суйууго ток болсун, суйууго канааттансын. Бирок озуңө жетпей аткан сүйүүнү кантип бересиң? Демек сүйүүгө толо башта! Изденип, окугула!
✅Озунорду жоготкон жеринерден кайра издеп тапкыла.
Мен эмнени жакшы кором? Мага кандай он-тус, жыт, ун жагат?Мен кандай адам менен суйлошсом женилдейм?
Кимден куч алам, а кимден алсыз болуп калам?
Эмне кылсам кучум толукталып, энергиям кайра толот?
Деги мен эмнени каалайм?
Ушул сыяктуу суроолорду озунорго бергиле.
Стоп.. дегенди баскыла да... озунорду тыншаганды уйронгуло.
Эмнеге созсуз силерге бироонун мактоосу керек?
Эмнеге бироонун жакшы сонуно муктажсыз?
Балким озунорго ишенбейсинер?
Мунун башталышы балалыкта, ата-эне берген тарбияда болот.
Отузга, кыркка чыксак дагы ошондогу жетпей калган суйууну энсейт экенбиз.
Бир чети озубузду аябай башкаларга жашообузду арнайт экенбиз.
Ошону менен эле бирге жетпей калган суйууну башкалардан омур бою издеп, озубузду бактысыз сезет экенбиз.
А болгону гана озубуз менен озубуз суйлошуп, анализ кылганды уйронушубуз керек экен кыздар.
Ким макул? Макул болсоңор + койгула🌺
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 1