Көп түкүрсө көл болот деген туура кеп. Айтайын дегеним,
бир канча жылдан бери айылыбыздагы ыйман ордосу болгон ак мечитибизде жылуулук маселеси чечилбей келген.
Ушул маселени чечүү максатында, Россиянын булуң-бурчунда жана Бишкек шаарында эмгектенип жүргөн жаштары жана айылыбыздын жашоочулары тарабынан 133000сом өлчөмүндөгү акча каражаты чогулуп,
үстүбүздөгү жылдын 25-январь жума күнү толугу менен бүткөрүлүп, элибизден бата алдык.
Жакшылыгыбызга жай көңүл менен карабай, өзүнүн олуттуу салымын кошкон жана колунан келген жардамын берген уюштуруучуларга, айылыбыздын тургундарына терең ыраазычылык билдиребиз. Жаратканым жүрөгүңүздөргө ыйман, көзүңүздөргө нур, өмүрүңүздөргө береке берсин.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 8