••••••••••••••••••••••••••••••••••••••
Бул ааламдын жашоо мөөнөтү соңуна чыгып, акыр-кыямат башталчу күн келгенде ааламда тирүү эч ким калбайт. Ошондо Алла Таала өлүм периштесине кайрылып: - Жаратылгандардан тирүү жан калдыбы? – деп сурайт. - Жок, оо, Ааламдардын Жаратуучусу, тирүү жан калбады, баса Жабирайил периште менен Микайил периштеден башка. - Анда Жабирайилдин жанын алып келгин, - дейт Алла Таала. Өлүм периштеси Жабирайил периштенин жанын алып кайра келет. - Эми тирүүлөрдөн ким калды? – деп сурайт Алла Таала кайра. - Микайил периштеден башка эч ким калбады. - Эмесе анын да жанын алып кел. Өлүм периштеси Микайилдин жанын алып келет. - Дагы тирүү жан калдыбы? – деп сурайт Алла Таала. - Жок, менден башка тирүү жан калбады, - дейт өлүм периштеси. - Анда өзүңдүн жаныңды чыгар! – деп буйрук берет Алла Таала. Өлүм периштеси өз жанын чыгара баштайт. Жандын чыгуусу абдан кыйын экенин өз руху менен сезгенде, Алла Таалага кайрылып: "Оо, Ааламдардын Жаратуучусу! Сенин улуктугуңа касам ичем! Эгерде жандын чыгуусу ушунчалык оор болорун билгенимде, пенделердин жанын алууну башка бирөөгө тапшырууңду суранмак экенмин" - деп кайгырат. Ушинтип ааламда бир Алладан башка эч ким калбайт. "Жер жүзүндөгү бардык нерсе жок болуучу. Бир гана улуу-урматтуулук Ээси болгон Роббиңдин жүзү түбөлүк!" (Ар-Рахман сүрөсү, 26-27-аяттары).
Бейиш гезити
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 22