•••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••
Аллахтын ушунчалык кудуретту зат экенин эсинерге туйгула.
Xадисте келет:
Айдын экиге бөлүнүшү Сүйүктүү Пайгамбарыбыз(саллаллаху алейхи васаллам)дын мужизаларынын бири болуп саналат.
Бир күнү Абу Жахл жана Валид бин Мугира баш болгон жоон топтолгон мушриктер Расулуллахка келишип:
-Эгер сен чыныгы Пайгамбар болсоң, анда айды экиге бөлүп, бир бөлүгүн Куайкиан тоосунун, а экинчи бөлүгүн Абу Кубайс тоосунун
үстүнөн келтир– дешет.
Расулаллах алейхиссалам: «Эгер айтканыңарды аткарсам ыйман келтиресиңерби?» - деп сурады.
-Ооба, ыйман келтиребиз, - деп сүйлөшөт эки тарап.
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) айды экиге бөлүп көрсөтүү үчүн Аллаху таалага дуба кылат. Ошол учурда Жабраил (алейхиссалам) келип: «Эй, Мухаммед! Бул музижа тууралуу Меккеликтерге кабар бер, баары көрүшсүн», - деп билдирет. Пайгамбар (алейхиссалам) талап койгондорго айдын он
төртү болуп турган ошол кечте Аллаху тааланын барлыгы жана кудуретинен ибрат алууну каалагандарга бул музижаны көрүп алууларын эскертет. Дал ошол кечте Хазрети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мубарек манжасы менен ишаарат кылганда асмандагы ай экиге бөлүнүп, дал мушриктер талап кылгандай, айдын бир бөлүгү Абу Кубайс, экинчи бөлүгү Куайкиан тоосу тарапты көздөй жылат. Кайра ишаарат кылып бөлүнгөн
айды калыбына келтирет. Окуяга күбө болгон сахабаларына Пайгамбарыбыз (сальяллоху алейхи ас-сальям): «Эй, Абу Салама бин Абдуласад, Аркам бин Абил Аркам! Бул мужизага күбө болгула!» - деп сахабаларын күбөлөндүрөт. Бул улуу мужизаны көргөн мусулмандардын ыйманы дагы бекемделип, ыкласы артып,Пайгамбарга болгон сүйүүсү кубаттанса, а жан дүйнөсүнө кулак салбаган мушриктер тескерисинче капырлыгын арттырып: «Бул Мухаммеддин кезектеги сыйкыры болду! Бирок, элдин баарын алдай албайт. Башка аймактын тургундарынан сурап көрөлү, көргөндөр болсо айтышар. Эгер башка аймактагылар да көргөн болсо Мухаммеддин Пайгамбарлыгы акыйкат», - деп тарап кетишет. Эртеси жол басып келгендерден, анан калса киши чаптырып башка аймактардан да сураттырып көрүшөт. Кимден суратпасын баары айдын экиге бөлүнгөнүн көрүп таң калганын айтышат. Башында Абу Жахл турган мушриктер адаттагыдай: «Абу Талибдин жетиминин сыйкыры асманга да таасир эте алды!» - деп маселени чаргытып, тескери үгүтүн жүргүзүшөт.
Мына ушул окуядан улам Аллаху таала төмөнкү аятты жиберет:
«Саат (кыямат) жакындады жана ай жарылды (экиге бөлүндү). Алар (Курайш капырлары Мухаммед алейхиссаламдын пайгамбарлыгына далил боло турган) бир мужиза көрө турган болсо (аны тафаккур кылуудан жана ыйман келтирүүдөн) тетири бурулду жана «үзгүлтүксүз» (биринен соң бири келе турган кубаттуу) сыйкыр» дейт. Жана алар (пайгамбар менен мужизаны) жокко чыгарды, өз напсилерине (напсилеринин каалоолоруна жана тилектерине) моюн сунуп кетти. Бирок, (Жаннат ээлерине жакшылыктан, Жаханнам ээлерине жамандыктан тагдыр кылынган) бардык нерсе ишке ашат (Жаннат ээси Жаннатка, Жаханнам ээси Жаханнамга кирет). Ант болсун, аларга (Мекке мушриктерине Курани каримде өмүрдөн өткөн үммөттөр менен акырет абалдары тууралуу өздөрүн куфурлук менен адашуудан катуу түрдө) баш тарткыза турган канчалаган маңыздуу кабарлар келди, кемелдикке жеткен толук хикмат сөздөр. (Эгер аны колдобосо) эскертүүчү (Жаханнам азабы менен коркуткан) расулдар (аларга) эч пайда тийгизе албайт. Андай болсо, (Эй, Хабибим! Аларга Пайгамбарлыгыңды таблиг кылып жана Хакка чакыргандан кийин) сен дагы алардан терс бурул. Ал чакыруучунун (Исрафил же Жабраилдин капырларды напсилердин) каршы чыккан нерсесине (эсепке) чакырган күнү (оору катуулугунан) көздөрү көр абалда (коркунуч менен үрөйдөн кайда барууларын билбей) таралган чегирткелер сыяктуу кабырларынан чыгышат. Капырлар (баштарын ийип) ошол чакыруучуга карай жүгүргөндөй болуп, «Бүгүн биз үчүн кандай оор, кыйын күн» деп айтат.
(«Камар» сүрөсү, 1-8)
Ыйык Куран жер жүзүнө түшкөндөн баштап азыркы күнгө чейин Пайгамбарыбызды жана Курани каримди жалганга чыгаруу күчтөр болуп жатканы айтпаса деле белгилүү. Канчалаган жылдардан бери көптөгөн илимпоздор, дүйнөлүк Лауреат, Нобель сыйлыктарынын ээлери, ар кайсы професиядагы адамдар наукага таанышып ыйык Курандан ката издеп келишүүдө. Бирок бирөөсү да Курани каримден туура эмес нерсе табалышпады. Кээ бирөөлөрү эле Курандын орус, англис же башка тилге котормосун окуп алышып, маанисин туура эмес түшүнүп алышып, диний билим жок туруп: Ислам динине каршылык көрсөтүп жатышат. Албетте, илим жок Куранды туура чечмелөөгө мүмкүн эмес. А кээ бир илимпоздор Куран менен таанышып, ислам динин туткандар да аз эмес…
Ал эми үстүдө айтылган Курани каримде жана Хадистерде келген айдын экиге бөлүнүшү тууралу, ар кайсы элдердин көптөгөн илгерки жазууларда, ар түрдүү тилдерде жазылып сакталып калган… Мисалы: Кытай жана Индиянын илгерки жазууларында асмандан күндү жана күнгө окшогон дагы 2 нерсе тууралуу эскертилет...бирок, туугандар, убакыттын өтүшү менен, жаңы муундар келген сайын, Кытай жана Индиянын айдын экиге бөлүнүшү боюнча илгерки жазуулары жомок жана кыяс’ка айланып кеткен.
Эми азыркы 21чи кылымдын илимпоздору замамбап технологиясы менен далилдеп жатышат. Америка Кошмо Штатынын NASA борбору тараптан айга атайын экспедиция жүргүзүшсө, ай экиге бөлүнүп кайра ордуна келгенин далилдеп чыгышыптыр. Бул тууралу каналдардан Кабар берген, ошондой эле интернет булактарынан да көрө алсыздар.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 1