Убада бин Сабит(р.а)риваят кылат:
Пайгамбарыбыз
(алейхи салам) айтты:"Ким биздин улууларды урматтабаса,биздин кичүүлѳргѳ мээримдүү болбосо,биздин аалымдардын акысын билбесе,ал бизден эмес".
(Таргиб 114)
Пайдасы:
Аалымдардын акысын таануу дегендин мааниси -дин жана Акыреттин маселелеринде аларга кайрылуу керектигин,алар жѳнүндѳ жаман күмѳндѳ болуу жакшы эместигин билбегендик.Мүмкүн болушунча алар жѳнүндѳ жакшы ойдо жүрүү кажет.Эгер алар жѳнүндѳ түшүнүксүз бир нерсе жүрѳктѳ пайда болсо,аны Алла Таалага тапшыруу керек.
"ИЛИМДҮҮЛѲРГѲ ЭКИ ЖҮЗДҮҮ АДАМ ГАНА КОРДОО КѲРСѲТѲТ".
Абу Умамадан (р.а)риваят:
Пайгамбарыбыз (алейхи салам)айтты:
"Үч адамга эки жүздүү адам гана адепсиздик кылат:
1)Мусулман устатка.
2)Илимдүүгѳ.
3)Адилеттүү башчыга".
(Таргиб 115)
Жогорку хадистерде айтылгандай сиз менен биз азыркы күндө биздин аалымдарга кандай пикирде болуп жатабыз. Бирде туруп устаз Абдишүкүр ажыны жамандасак, андан ѳтүп устаз Чубак ажыны жамандап басып жүрѳбуз. Устаз Максат дамланы да эч жѳн койбой артынан ар нерселерди айтабыз.
Чындыгында биз мусулман эмеспизби?!
Жогорку хадистерде айтылгандай "Аалымдардын акысын билбесе ал бизден эмес"-деп.
Бул адамдар ѳмүрүнүн кѳпчүлүк бѳлүгүн "илим" алууга жумшашты.
Сиз менен биз азыркы күнгө чейин дааратты туура, жакшылап алышты билбей жүрѳбүз.
Даарат эмес намазды деле окубайбыз. Алла сактасын.
Анан бул ааламдарга (устаздарга) сын-пикир айтууну ким койду экѳѳбүзгѳ?
Кел тууганым ѳзүбүздү ойлонуп, акыретибизди тууралайлы. Ибадаттагы каталарыбызды оңдойлу. Алла Таала алдында да жүзүбүз жарык жүрсүн.
Ааламдардын эти уулуу болот. Аларды жеп алып(гыйбат, ушак) экѳѳбүз ууланып, ѳзүбүз жана экѳѳбүздүн урук-тукумдардан эч кандай жакшы адамдар чыкпай жүрбѳсүн. Уулангандан кийин айыгып кетүү чынында кыйын.
Ишенимдүү хадистер менен далилдеп жаздым. Эми муну да укпасаң , анда Пайгамбарыбызды (алейхи салам) укпадың. Демек, сага башка нерселерди айтуунун кереги барбы же жокпу?!
Сѳзүмдүн аягында дагы бир хадис менен жыйынтыктасам.
Абу Умама (р.а) айтат:
"Пайгамбарыбыз (алейхи салам) айтты: «Лукман Хаким уулуна мындай деди: «Сен аалымдар менен чогуу олтурууну бекем карма, даанышмандардын сѳзүн ук, Алла Таала ѳлүк жерди үзгүлтүксүз жамгыр менен тирилткендей акылмандыктын нуру менен ѳлгѳн жүрѳктѳрдү тирилтет». (Мажмаъ1/130)
Туура түшүнүп, туура амал кылууну Алла Таалам баарыбызга насип кылсын.
Даярдаган: Меңдибай уулу Эсбер.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 2
Аалымдарга музакара боюнча маалымат керек болуп жатты эле.
Аллах Ыраазы болсун!!!
Даярдаган анан ушул жака чыгаргандарга.
Аалымларыбыз бизге келип жатышты эле Сургутка.
24 ошого Сургут кыргыздар жамаатыны группасына жөнөтүш керек эле.
Дагы барбы интернет таппадым