Абдишүкүр ажы Нарматов.
Оо, Алла! Сенин Улуулугуңда, Кудуретиңде чек жок.. Сен Мээримдүүсүн, Кечиримдүүүсүн, кечиргенди жакшы көрөсүң... Иблис (шайтан) Алла Таалага: "Сенин Улуулугуңа ант!, Мен аларды (адамдарды) денелеринде жаны бар кезде (өлгөнгө чейин) азгырам" - дейт. Алла Таала иблиске: "Улуулугума ант ичем!, Адамдар истигфар айтып менден кечирим сураса эле, мен алардын күнөөлөрүн кечирем" - дейт.. Бейишке кирген адамдар бейишке кирип бул дүйнөдө чогу жүргөн досторун, жакын адамдарыны таппай калат. Анан Алла Тааладан: "Оо, Жараткан!, биз менен чогу намаз окуган, биз менен чогу орозо кармаган бир туугандарыбызды бейиште көрбөй жатабыз" – деп, жакындарын сурашат. Алла Таала ал адамдарга: "Тозокко баргыла да, жүрөгүндө кыпындай ыйманы бар адамды чыгаргыла!"- дейт. Ошентип жакшы дос тозоктогу адамдардын бейишке чыгуусуна себеп болот.Хасанул Басрий рохимахуллох айтат: "Момун адамдардан көп дос жыйнагыла! Анткени, ал адамдар кыямат күнү жакын адамдарын шафаат кылат". Чыныгы дос - колуңдан кармап бейишке жетелеген дос..Ислам аалымдарынын бири адамдарга: "Эгер бейишке киргенде араңардан мени таппай калсаңар, анда мен жөнүндө минтип сурагыла!: О, Алла! Сенин пендең (баланча) бизге Сени айтып эскертет эле, аны да биз менен бейишке чогу киргиз" - деп сурангыла, эгер мен силерди көрбөй калсам, анда мен да силер тууралуу сурайм жана бейишке кирүүңөрдү суранам" - дейт...


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 1