СҮЙҮҮ ДААМЫ
Чөккөнсүңбу махабаттын деңизине?
Кол булгалап учтуң беле мейкинине?
Аруулук тартып турса дүйнөң сулуу,
Айлуу түн кучагында калдың беле?
Сезим козгоп сүйүү тапсаң жүздөрүнөн.
Бараарсың жолуң ачык жаз күнүндөй.
Телмирип көздөрүңдөн көзүн албай,
Турса экен даайым, сени күткөнүндөй.
Сагыныч коштоп турса күндө жаңы.
Бет келип кеткиң келбес кыялдагы.
Ай аттиң таттуулугу балдан өтөөр,
Эңшерип жан дүйнөңдүн арбалганы.
Толкуну океандай түрмөктөлгөн.
Азабын тарткандар бар жетпей жүргөн.
Бүлбүлдөп жарык чыкса үмүттөнүп,
Толкундан сырдаш күтүп калкып сүзгөн.
Шермамат Эрмекбаев.
13.08.2020 жыл.