БИЙИК ТУРАМ...
Бир асылдын дүйнөдө бар экенин,
Бирөөгө кор, бирөөгө зар экенин.
Билген күндөн биликтей түтөп келем
Билгим келбей бирөөнүн жары экенин.
Сыным тойгон сүйүүгө сырым тойбой,
Кыялдардын даамына ырым тойбой,
Көзгө сүртүп көөнөрбөс махабатты
Көксөөлөрдүн чөйчөгү толуп, толбой.
Жаңырыктай курулай аскадагы
Жан дүйнөмдүн оту өчпөй жашка дагы.
Бакытымды асмандан издептирмин
Башка адамдын багында жатса дагы.
Мээриминдей эненин ийип турам,
Мелжип төбөм, мейкинди чийип турам.
Нукура бир сезимдер магдыратып
Нурдан бүткөн дүйнөнү кийип турам.
Керемет жан, мен сени сүйгөн үчүн
Керек болсо өлүмдөн бийик турам!
ИЛИМ КУРМУШУЕВ.
СЕНИ СҮЙӨМ.
Көп ичинен көңүлүм бөлдүм эле,
Көңүл отун көзүңдөн көрдүм эле.
Арзуубуздун бирикпес жолдо экенин
Аңдап туруп шондо бир өлдүм эле.
Жат асмандан жарыгын чачып турган
Жан дүйнөмө жаңырык ташып турган.
Магдыраткан бактымдын куту сенсиң
Махабаттын пардасын ачып турган.
Жолдор ача... Болбодуң менин бүлөм,
Жоктур анда сенин да менин күнөөм.
Жаным, сага эч кимди окшото албай
Жалын кечип жашоодо жалгыз жүрөм.
Эсендигиң эрээркип эске түйөм,
Эстегенде эрте да, кечте күйөм.
Акыреттин бардыгы чын болсо эгер
Ал жакта да адашпай сени сүйөм!
ИЛИМ КУРМУШУЕВ.
СЕНСИҢ...
Булбулдун мукам авазы сенсиң,
Бук болгон ойдун дабаасы сенсиң.
Көкүлүн сылап көңүлдүн турган
Көркөмдүү жаштык калаасы сенсиң.
Адамдын жалгыз асылы сенсиң,
Арзуумдун алтын кашыгы сенсиң.
Кырк жылкы кышка туруштук берген
Кыярбас өңдүн жашылы сенсиң.
Күн баткан маалдын кызылы сенсиң,
Күлкүчү таңдын кызыгы сенсиң.
Көр дүйнө жүзүн көшөрө түрткөн
Көйкөлгөн аалам сызыгы сенсиң.
Жылдыздын жарык нурдуусу сенсиң,
Жылмайган жүздүн сырдуусу сенсиң.
Тукумдай болуп турганың менен
Туңгуюк жолдун кырдуусу сенсиң.
Таалайдын соңку шыбыры сенсиң,
Тамырдын соңку кыбыры сенсиң.
Жымыңдап келип коштошуп турган
Жылдардын соңку жыбыры сенсиң...
ИЛИМ КУРМУШУЕВ.
ЭГЕМЕНДИК...
Эгемендик... бул элимдин майрамы,
Эгем колдоп, көтөрүлгөн байрагы.
Улап кетчүү уулу жаман чыкса да
Улуу Кыргыз - узун тарых каймагы.
,, Эгемендик майрам"- дедик бакырдык,
Эки жактан меймандарды чакырдык.
Колдорубуз сереленип ийкемдүү
Кооз сөздөрдү кобуроону катырдык.
Эгемендик болгон менен эрк болбой,
Элден уурдап жегендерге чек болбой.
Чоң өлкөгө тең боло албай келебиз
,, Чоңбуз" деген чоролордо бет болбой.
Жаңы бийлик алмашканга көп болду,
Жарытылуу иштен дарек жок болду.
Чыгаандары түрмөлөрдө саргайып
Чычкандары чыйылдашып сот болду.
Эл акысын энчисиндей кемирген,
Эки бээни эмген тайдай семирген.
Мылжыңдаган ,,чоңдор" көктөн түшкөнсүп
Мынча неге элиргени - элирген??!
К
Гүлзат Ормонбекова... Ушундай ажайып жылдыз бар дүйнөдө. Ушул керемет адам менен жамандыр, жакшыдыр калемдеш болуп калуу бактысын ыроологон экен жараткан. Эмесе Гүлзаттын бир ырынан чагылган учкундарга күбө болуп коюңуз, окурманым.
ЭЧ СҮЙҮП БҮТӨ АЛБАДЫМ.
ГҮЛЗАТ;
Үлбүрөк, назик, сонун
Бир элес байлап бизди.
Аярлап ал элести
Келебиз, сезесизби?
ИЛИМ;
Кол шилтеп бар дүйнөмө
Колуңа конгум келип.
Жойлошот кыялдарым,
Жолу жок жолбун желип.
Сабында сапырылган
Санаалар өйдө, төмөн
Жадыңда турганымды
Жанымдан өйдө көрөм.
Энелик улуулугуң
Энчиме байлай албай,
Жалыным өөрчүп барат
Жаныңды жайлай албай.
ГҮЛЗАТ;
Кыялдын күүсүн чертип,
Күбүлгөн үмүт... чыным.
Күтүүдөн үбөлөнүп,
Көөнөрүп барат сыным.
САГЫНГАНЫМ - САГЫНГАН.
Келгин куштай кетээри чын өмүрдүн
Кечмелигин жаркыттың да төгүлдүң.
Ак чабактай айдың көлдү сагынган
Ай толкуган ааламыңа чөмүлдүм.
Көрдүм сүйүү көчү алыстап кеткенин,
Көңүл минип көшөрө кууп, жетпедим.
Үйгө келбей үмүтүмдө жашаган
Үлбүрөгүм, бул не сырың? Неткениң???
Билем, жазмыш жаза баскан, жаңылган
Бири кем дүйнө билиги жок жагылган.
Билем дагы; билбесең да, билсең да
Бир өзүңдү сагынганым - сагынган.
ИЛИМ КУРМУШУЕВ.