Предыдущая публикация
🔔🔔🔔🔔🔔🔔🔔
Эрте-кеч көп ойлоймун мен силерди.
Эңсөөгө салбай кабар бергилечи.
Эскерип олтуралы жаш кезекти.
Эх алтын,классташтар келгилечи.
🔔🔔🔔
Тартылып көзгө жаштык жылдарыбыз.
Жаңырып ырларыбыз, сырларыбыз.
Турсунчу бүгүн күлкү шаңга толуп.
Биз окуп өскөн мектеп кыштагыбыз.
🔔🔔🔔🔔🔔
Арт жакта калган кайтпас жаштыгыбыз.
Ар жака чачкан бизди тагдырыбыз.
Кубанып эске салып өткөндөрдү.
Келгиле кезигели баардыгыбыз.
🔔🔔🔔🔔🔔🔔
Тамара Кыдыралиева.
Менин алтындай классташтар ым 40-жылдык тойуңарга менден ыр белек алтындар!!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев