МАЙЫП БОЛСОН ДА ТАШТАП КЕТПЕЙМ!
Ошол күз менин жадымда түбөлүк сакталып калды. Анткени, ошол күздө апам экөөбүздүн тилегибиз ишке ашып, мен институтту кызыл диплом менен аяктап, жакшы жумушка орноштум. Менин кубанычыма орток болоор бир гана жакын адамым бар эле. Ал апам! Байкушум ай. «Берметим кызыл диплом менен бүттү» деп кошуналарды чакырып, бапыраңдап майрамдаганы эсимде. Анткени, апамдын өмүрүндөгү жалгыз кубанычы мен болчумун. Атам... ал адам жөнүндө эч качан апамдан сурабагам. Алтургай, сүрөтүн да көргөн эмесмин. Болгону, бир аялдын үстүнө кирип жашап алганын кулагым чалган.
Мен үчүн жашоонун жаңы тилкеси башталган кезде мен чыныгы сүйүүмө жолуктум. Ооба, ал менин гана адамым экенин б
ДУДУК КЫЗДЫ СYЙYYГО БОЛБОЙБУ?
Данияр, сага балдарың келди...
Эшиктен үн салган апасына баш ийкеп коюп, калыбынан жазбай тура берди. Эне ойлуу терезени тиктеген уулун карап оор үшкүрдү:
– Даник, өзүң түшүнөсүң, ал кыз менен баары бир келечегиң болбойт. Атаң экөөбүз...
Данияр апасына кыжаалаттана бир карады. «Жайыма койгулачы» деген үнсүз каршылыкты көргөн апа артка чегине берди. Уулу өзү да, өңгө да түшүнө бербеген белгисиз жашоого баш урган сыяктуу. Мурункудай достору менен көңүл ачууну, кино, дискотекага баруу дегенди унуткан. Анын себебин билип туруп билмексенге салат курган апасы. Анан кантсин, көзүнө баскан жалгыз уулу. «Баарыбыз эле жаш болуп көрбөдүк беле. Бул деле утурумдук кумарл