Башы катып ойлонуп жургон барбы?
Чындык деп ,окунуп, кайгырганы
Кыргызстанда сатылбаган эмне калды?
Акча десе Ата Журтун саткандарды
Жашоосу жыргалга баткандарды
Камырабай ,кенебей жаткандарды
Мээлеп туруп мээсине аткан барбы?
Эли учун коп иштерди жасады
Эли суйуп Элдин Уулу аталды
Кылган ишин ,эмгектерин эл баалап
Жаш ,Карыдан раазылык бата алды
Элине кызмат кылган
Элибиз урмат кылган
Тайманбас арстан журок
Не болду?-сага Улан
Калын эл ыйлап турат
Кан жутуп сыздап турат
Эл учун кылган ишин
Баарынан кымбат турат
Канча чындык калды окшойт казылбай
Канча иштер жабык калды ачылбай
Убакыт бар, жазам анан деп журуп
Ичте сырын калып кетти жазылбай.
Бутпой калган иштеринди улантаар
Кесиптешин,мырзалар бар ,кыздар бар
Душманындын ой максаты таш кабаар
"Кутулдук"-деп отурушкан Уландан!!!
Оо Жараткан Бейишинен орун берсин
Окулган курандардын сообун берсин
Артында калган далай иштеринди
Бирге жургон досторун улап кетсин!!
Авт.Жороева Адалат .
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 7