"Мектеп салбаган өлкөлөрдө түрмөлөр көбөйөт" деген сөз бар эмеспи. Өткөн жылы жаңы 42 мектептин курулушу аяктап, 11 мектеп толук оңдоп-түзөөдөн өттү.
Үстүбүздөгү жылы жалпысынан 204 мектептин курулушу пландалып, жыл аягына чейин анын 100дөйүн бүтүрүү күтүлүүдө.
Ал эми түрмөлөр жөнүндө кеп кыла турган болсок, былтыр 47-колонияны Молдовановка айылына көчүрдүк.
Анын ордуна болсо кичи район салынып жатат. Кудай буюрса, бир жарым жылдан кийин бүтөт. 5500 үй- бүлөгө Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу 20 жылдык мөөнөт менен ипотекага турак-жай беребиз.
Мындан сырткары Нарын, Талас, Жалал-Абад облустарында көп кабаттуу үйлөрдү салып жатабыз. Башка облус, район, шаарларга дагы долбо