Атактуу Муратбек Рыскулов атабыз, Сабира Күмүшалиева апабыз жана Бакен Кыдыкеева эжебиз ар дайыма Таттыбүбү Турсунбаева эжебизди колдоп да, коргоп да турушканын баардыгы жакшы билишет! Кинолордун көбүндө Муратбек Рыскулов атабыз жана Сабира Күмүшалиева апабыз менен партнёр болуп чогуу аткарышкан эмеспи!
Жамийла фильминде башкы рольго башка актрисалар менен кошо Таттыбүбү Турсунбаева эжебиз да кастингге катышып өтүп кеткенин, Жамийланын ролун аткарууга бекигени менен ага тоскоолдуктар көп болуп аткарбай калганын айтып келатышат!
Эгерде башкы роль Жамийланын ролун аткарганда, Таттыбүбү Турсунбаева эжебиз Сүймөнкул Чокморов менен чогуу аткарып Кызыл алмадагыдай эң керемет фильм болмок экен да!
Улуу эки таланттан мындан дагы мыкты фильм жаралмак деп баарыбыз ушул күнгө чейин арманда болобуз!
Таттыбүбү эжебиз өзү да кийин өкүнгөнү айтылат!
Албетте айчырайлуу сулуу, таланттуу, өзгөчөлөнүп турган аялзатынын, өзгөчө өнөр адамдарынын жашоодо, ишинде душмандары көп болоору тарыхтан белгилүү!
Бул албетте өтө өкүнүчтүү!
Бирок Таттыбүбү эжебиз театрдагы жана кинодогу 15 жылдык талыкбаган эмгеги, эч нерсеге карабай эмгектенген күжүрмөндүгү, эрк кайраттуулугу, чыдамдуулугу бизди баарыбызды таңдандырат, суктандырат!
Таттыбүбү эжебиздин талбаган эмгеги менен таланттуулугу, сулуулугу, адамдык улуу касиеттери, жан- дүйнө сулуулугу баары биригип айчырайлуу, кайталангыс керемет аялзаттын сулуулугунун улуу образын элибизге тартуулап, дүйнө элине даңазалап кетти!
Кыргыз сулуусунун образын тартуулады! Өтө жаш өтүп кетсе дагы, кыргыз киносунун жана улуттук театрдын ханышасы деген атак- даңкка ээ болуп, өзүнүн кайталангыс улуу изин калтырып кетти!
Таттыбүбү Турсунбаева эжебиздин аткарган фильмдерин өмүрүбүздө канча ирээт көрсөк дагы суктануу, сыймыктануу, кубануу менен көрөбүз, эрте өтүп кеткенине кейип көз жашыбызды да төгөбүз! Таттыбүбү эжебиз жок дегенде 45 же 50 жашка чейин жашаганда, албетте дагы сонун керемет ролдорду жаратмак элибизге! Таттыбүбү эжебиздин эрте өтүп кеткени элибиз үчүн арман болгон!
Кинодогу, театрдагы ролдорунан тышкары булбулдай таңшып ырдаганы өзүнчө керемет болуп, атактуу Ай баратат ыры Таттыбүбү эжебиздин символуна айланган тарыхый ыр катары калды!
Таттыбүбү Турсунбаева кылымдарда бир жаралган төрт тарабы төп келген таланттуу залкар инсан катары кыргыз маданият тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калды! Кыргыз Рух асманында ар дайыма жылдыздай балбылдап жанып, ар бир кыргыздын жүрөгүндө жашай берет!
Кылым чүрөгү Таттыбүбү Турсунбаева эжебиздин элеси дайыма биздин жүрөгүбүздө жашайт!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев