Лейлек районунун Катраң айылдык кеңешинин депутаты Сапарали Бөрүбаев кыргыз-тажик чек арасы тууралуу маселе көтөргөндүгү үчүн сурак берүүгө кирип кетти. Бул тууралуу ал “Маралга” билдирди. Бөрүбаев азырынча кайсы укук коргоо органында сурак берип жатканы белгисиз.
Сапарали Бөрүбаев бүгүн “Маралдын” “Айлампа” программасында кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча маек курган.
Ал такталбаган аймакта тажик тарап шагыл төгүп, иштерин улантып жатканын билдирген.
«Тилекке каршы, жергиликтүү бийлик өз позициясын алдырып койгондой. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаровдун, акимдин элге да, жогору жактагыларга да, туура эмес маалымат бериши мени өкүндүрөт. Айылдык кеңештердин депутаттары, эл өкүлдөрү маселе кыргыздын кызыкчылыгы үчүн чечилүүсүн талап кылып келгенбиз. Бирок комиссиядагы картаны түшүнбөгөн адамдардын шалаакылыгынан улам маселе жаралууда», — дейт Бөрүбаев.
Мамлекеттик чек ара кызматы бүгүн, 16-сентябрга карата кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал туруктуу экенин маалымдады.
Тажик тарап Баткен облусунун Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) жергесиндеги такталбаган кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кыргыз тарап менен макулдашылбаган иштерди жүргүзүүнү улантууда.
Чыр-чатак чыгып кетпеши үчүн Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматынын тарамдары кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде чек араны күчөтүлгөн тартипте кайтарууга өтүштү.
Эске салсак, 14-сентябрда Жака-Өрүк айылында такталбаган жердеги жолдун чекесине тажик жарандары 10 машина шагыл төгүп койгон. Андан соң аталган аймакка Кыргызстандын жана Тажикстандын жергиликтүү тургундары чогулуп, кечинде кайра тарашкан.
#маралфм #маралрадиосу #РадиоМарал #maralfm #Кыргызстан #Бишкек #Ош #Жалалабад #Нарын #Талас #Баткен #Каракол #Чүй
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 1