Предыдущая публикация
Сөздөр чыгып көөдөнүмдөн жаңы эле,
Ойго салып өткөнүмдү эстедим.
Оюн,күлкү өзүнчө бир жаз эле,
Ошондогу окуп жүргөн кездерим.
Өмүрүмө өлүп,өчпөс из салып,
Өрттөй ысык ошол шаңдуу мүнөттөр.
Салам кат деп,алгачкы ирет кат жазып,
Сездирбестен,алып учкан жүрөктөр.
Кайткым келип кээ күндөрү аркага,
кыялдандым,колум сундум жетпедим.
Тагдыр суусу алга карай акса да,
Дайым эсте алтын уям мектебим.
К.Э


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 32
Ырдарын элге арна.калемин курчуй берсин .атын ааламга жетсин