Предыдущая публикация
Сүйсөң болду баарысына кайылмын,
Сыры болдуң сүйүп жазган жаңы ырдын.
Сездирбестен жүрөгүмдү ээледи,
Сырдуу баскан сулуу кызы Нарындын.
Болсоң керек периштеси айылдын,
Балдай ширин сөздөрүңө багындым.
Байкатпастан жүрөгүмө жол алып,
Басып кирди түн чүрөгү Нарындын.
КӨРгөн сайын көргүм келип сагындым,
Кылыгыңдан бүт чарчоодон жазылдым.
Көңүлүмө салып кирип көпүрө,
Көзү кара көркөмдүүсу Нарындын.
Биз жүргөндө ойноп күлүп жакшына,
Чыккым келди күйөө деген тактыга.
Болду эми басып чогу кетели,
Бейиш төрү мен чоңойгон Аксыга.
КЕРИМБЕК.Э


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев