«Оорулуу аял — эч кимге кереги жок адам>>
Мен азыр бутума операция жасатып, ооруканада жатам. Кѳзүм кѳз айнек менен араң кѳрѳт. Ар бир кыймылымда «бир нерсени тѳгүп албасам экен. Бирдемеге чалынып кетпегей элем» деп сак кыймылдайм. Ушинтип сыйпалап соо бутум менен таягыма сүйѳнүп араң жүрѳм. Жаңы гана палатадагы аялдар менен бирге тамактанып келдим. Ѳз жаныңдан чыгарган бир сындырым наның болбогон соң батынып деле тамак иче албайт экенсиң. Андыктан заңгыраган тамым, машинеден машине алмаштырган балдарым тууралуу ооз ачып кеп кыла албай, аялдардын маегине да аралаша албай дубал тиктейм. Жашоомдун ѳткѳн чагына сересеп салып, баарын талдап чыгууга эми гана чолом тийип кѳзүмдү чылк жумуп алып