Жамап берер кыялдарды үзүлгөн,
Жан дүйнөмдү үн-сөзү жок түшүнгөн.
Жакын издейм жакындардын ичинен,
Жүрөк сырын сезер баскан изимден...
Көөдөн бугун көңүл коюп уга алган,
Көздөрүмдөн өксүк сырым туя алган.
Жакын издейм жакындардын ичинен,
Жан дилинен күйүп-жанып кубанган.
Үн-сөзү жок жүрөк сырым уга алган,
Үмүт-дүйнөм алсыздыгын туя алган.
Жакын издейм жакындардын ичинен,
Жан дилинен тилек айтып кубанган....
Авт.Жылдызкан Усенбековна
Сен мени түшүнүп кой.....
Аялмын да...кээде бүркөйм кабагым,
Аягына чыкпай чексиз санаанын.
Андай кезде жан дүйнөмдү түшүнүп,
Алтыным деп чачым сылап аягын....
Аялмын да....кээде ойлуу томсором,
Ар кыялга көңүл жарк деп болбогон.
Андай кезде жанымсың деп сооротуп,
Бошотуп ал ээсиз жүргөн ойлордон....
Аялмын да...кээде чарчайм баарынан,
Бир жылуулук издеп сенин жаныңан.
Андай кезде жарым-кызыл гүлүм деп,
Жан дүйнөмдү жылыт сөздүн табынан.
Аялмын да...кээде болом дүрбөлөң,
Алсыздыкты сезип алып дүйнөмөн.
Андай кезде тетир карап жатпастан,
Алтыным деп көңүлүм ал гүл менен....
Аялмын да...кээде жаштайм көздөрүм,
"Жылтырларын"көргөн кезде өзгөнүн.
Андай кезде мончок болот дүйнөмө,
Аябастан а