13- бөлүм
Жолдоштор! Мына ашуунун түбүнө келип жолго чыкканы турабыз. Биз кармаганы бараткан кылмышкер ким экендигин так биле элегиңерге ачыгын айтпасам болбойт. Эгер ушул жерден бардык чындыкты ортого салып айтып бербесем өмүр бою адамкерчилигимдин астында күнөкөр болуп жүрүп өтөм, - дегенде алысыраак отургандар жакын келип кулак түрө отура кетишти.
- Качкын, өз аты Зарлык десанттык бөлүктөгү өзгөчө отрядда снайпер болуп кызмат өтөптүр.
Орус жигиттер отургандыктан орусча сүйлөп жатты. Негизгиси бул да эмес. Андан кийин Вьетнамда эки жарым жылдан ашык согушка катышкан. Дагы деле өзгнөчө бөлүктөн десанттары менен снайпер болуп.
Вьетнамда жүргөндө ага Кара-Илбирс деген ат коюшкан. Мындай атка жөнөкөй адам татыктуу боло бербейт. Аны түшүнүп тургандырсыңар. Атылуучу куралдын кайсыл ган тирүү болбосун эң таамай атат. Үч-төрт мыкты даярдыгы бар карылуу жоокерлерге да кармаша кетсе алдырбайт. Чыгыш күрөшүн, каратэ, ушу өңдүү толгон ыкмаларда машыккан. Бычакты ыргытып да кол менен да саюнун чебери. Вьетнамда жүргөндө партизандык согуштун ыкмаларын эң жакшы өздөштүргөн. Үн чыгарбай атылчу куралдар жаа, өзү атылчу жебе сыяктууларды колдонгонду билет. Кыскасын айтканда киши өлтүрүүнүн жолдорун аябай өздөштүргөн. Ошондуктан ар бириңерге эскертерим өзгөчө сак болгула. Эгер беттешип калсак өлтүрө атканга аракет кылгыла. Анын тирүү же өлүүсүнүн айырмасы жок ансыз да атууга кесилген адам. Эгер биз аны өлтүрө албасак ал бизди өлтүрөт. Жер шартын жакшы билет. Атта эң мыкты жүрөт. Дагы кайталайын өтө коркунучтуу кылмышкер менен беттешкени баратканыбызды бир секунда да эсиңерден чыгарбагыла.
Менин айтайын дегеним ушул. Кимдин кандай суроосу бар. Милициялар дымырай түштү.
- Кандай суроо болмок эле. Ал снайпер болсо бизде да снайпер бар. Беттешсек көрөбүз да деп орус лейтенант жапжаңы снайпер мылтыгынын кундагын чапкылап бажырайа күлүп койду. Капитан кайра сөзүн улады.
- Ашуудан ашып баратканда татаал жолдоруна келгенде атты жетелеп өтүүгө туура келет. Ошондо ортолорубуз 5-6 метрден ашыгыраак алыс болсун. Эгер Качкын ашуудан кол салса, аттар үркүп бири-бирине урунуп баарыбызды кулатпагандай болсун. Эгер атты атып салса жолду бөгөтпөй төмөн кулатып жибергиле. Ок чыкса өзүңөрдү кармап өңүт издеп каршы ок чыгаргыла. Менин командамды дайым уккула. Эгер менен бир нерсе болсом жолдош ага лейтенант сиз отрядка команда берүүнү өзүңүзгө аласыз. Эң башкысы күтүүсүз кол салса туш келди качпагыла. "Качкан жону катын алат" дейт. Качсак бир бирден терип салат. Кана эмесе аттангыла! - деди да өзү да атына шайдоот минди.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев