Предыдущая публикация
Сүйүү чексиз калкып жүргөн булуттай,
Деле жүрөм ал сезимди унутпай
Кыялымда сени менен жанашып,
Жан дүйнөмө ойлор келет кызыктай.
Кылым кезген аппак сүйүү туптунук,
Биз жашайбыз алга карай умтулуп.
Жаштык кез да улам бизден алыстайт,
Алыс калган аргымактай жулкунуп.
Жаш өтсө да ысык сүйүү илеби,
Аткарылар арзышкандын тилеги.
Сагындырган ушул саат мүнөттө,
Бир жарк этип күн сыяктуу күлөбү.
АБДИЕВА ЭЛЗАТ ЫСЫК-КӨЛ ОБЛАСТЫ.
5.07.2022 жыл
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 4