(өздүк архивден. 2006-ж.)
СҮЙҮНӨӨРҮМ, КҮЙҮНӨӨРҮМ УШУЛАР
Бакытбегим балбан күчүм, билегим,
Асан, Үсөн асманга тең тирегим.
Гүлүм, Нурум күндөн түшкөн жарыгым,
А апасы алып учкан жүрөгүм.
Бакытбегим мөлтүр тунук булагым,
Асан, Үсөн жарык чачкан чырагым.
Гүлүм, Нурум гүлүңдөгөн жылдызым,
А апасы кыйышпасым ынагым.
Бакытбегим бакыт кушу өмүрдүн,
Асан, Үсөн жаркырагы теңирдин.
Гүлүм, Нурум келечегим, үмүтүм,
А апасы көркү жака, жеңимдин.
Тирүү жүрсөм сүйүнөөрүм ушулар,
Түйшүк тартсам ийилээрим ушулар.
Ай ааламдан өтүп кетсем бир күнү,
Атакелеп күйүнөөрүм ушулар.
М. Жаңыбаев.