Аялыңа жумшак болсоң лох дешет.
Бир аз эркектей болбойбу бош дешет.
Элге өзү эмне жагат? Кайрадан.
Катуу болсоң, кандай мерез ох дешет.
Жакшы болсоң, өзүнчө эле жакшы дейт.
Жаман болсоң, иштетпейби башты дейт.
Ылдам бассаң, ит куугандай шашты деп.
Секин бассаң, мынча эзилип басты дейт.
Урушпайын деп, пас келсең коркок дейт.
Уруш кылсаң, адам болсо болмок дейт.
Шаардыкмын десең өлгөн куйтум деп.
Айылдыкмын десең колхоз, торпок дейт.
Сакал койсоң, динди сүйгөн фанат дейт.
Араптарды эле туурап жатат дейт.
Эми ошентип айтпасын деп койбосоң.
Сакалы жок, көсөө экен ватаат дейт.
Жоолук салса, современный эмес дейт.
Тээ илгерки таш доорду элестейт.
Салбай койсо, бул бир жүргөн бузук деп.
Анда да
Аалы акын
Торгой сымал токтобой сайрап турган Аалы акын
Жер жемиштин түрүндөй жайнап турган Аалы акын
Буу калкыган мүрөктөй кайнап турган Аалы акын
Атаандашын алкымдап чайнап турган Аалы акын
Чагылгандай көктөгү чартылдаган Аалы акын
Күүлөп койгон комуздай шартылдаган Аалы акын
Жакамдагы жакуттай жаркылдаган Аалы акын
Көкөмерен дайрадай шарпылдаган Аалы акын
Ала Тоонун шумкары шаңшып учкан Аалы акын
Жаактууга жай бербей баарын уткан Аалы акын
Карала көз калың журт караан туткан Аалы акын
Кыргыз үчүн ант ичип касам жуткан Аалы акын
Кепти тизип шуурудай төгүп турган Аалы акын
Кабыландай тиш салчу чөгүп турган Аалы акын
Ак караны айттырбай бөлүп турган Аалы акын
Жакшы менен ж