МУГАЛИМ – бала билбеген тамгаларды, сандарды үйрөтүп, мисалдарды чыгартып, ааламдагы кызыктууларды айтып таң калтырган АДАМ!
МУГАЛИМ – окуучу үчүн ата-энесинен да ашып өткөн АКЫЛДУУ, БИЛИМДҮҮ АДАМЫ!
МУГАЛИМ – окуучу үчүн “АВТОРИТЕТ”!
МУГАЛИМ – окуучу ата-энесине караганда аны “КУМИР” туткан АДАМЫ!
МУГАЛИМ – 24 саат бою чарчабай, чарчаса да “чарчадым” дебей иштеген, же чарчоого укугу жок АДАМ!
МУГАЛИМ – вотсабы 24 саат бою иштеп, ар бир окуучуга же анын ата-энесине жооп берип турган АДАМ!
МУГАЛИМ – айлык үчүн эмес, балдарга билим бергенинен ырахат алуу үчүн иштеген АДАМ!
МУГАЛИМ – ата-энесинин тили өтпөгөн окуучуга тили өтүп, аны түз жолго сала алган АДАМ!
МУГАЛИМ – өз баласынан мурда, мектептеги окуучуларын ойлоп, ошолорго кам көргөн АДАМ!
МУГАЛИМ – баланы тарбиялоодо ата-эне ката кетирген болсо дагы (мугалим билим гана бериши керек экенине карабай), окуучунун тартипсиз жосуну үчүн күнөөсүз жерден күнөөлүү болуп калган АДАМ!
МУГАЛИМ – мөмөлүү дарак дейбиз, бирок ошол мөмөнүн үзүрүн көргөн МУГАЛИМДЕР өтө аз, анткени мугалимдин зор эмгегин баалап, кайрылып келип ыраазычылык билдиргендер саналуу гана!!!
МУГАЛИМ – коомубуздун күзгүсү, анын баскан-турганы, сүйлөгөнү күн сайын миңдеген окуучунун көз алдында, кийин жүрөгүндө!!!
МУГАЛИМ – Мага, Сизге, Президентке, Министрлерге, Врачтарга, ..... бардыгыбызга билим берген, Ааламга көз карашыбызды калыптандырган улуу ИНСАН!
Урматтуу агартуучулар! Кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! Сиздердин сабырыңыздарга, кайратыңыздарга, эмгекчилдигиңиздерге таазим этем!!! Ден соолугуңуздар таптаза, өмүрүңүздөр узун болсун. Бакубат өмүр сүрүңүздөр!


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев