Бейиштин даражалары ар түрдүү болот. Алла Таала Куранда: “...жана ким Раббисине жакшы амалдарды жасап, ыймандуу абалда жолукса, аларга эң жогорку даражалар даярдалган” деп айткан. (Тоха сүрөсү, 75- аят). Абу Хурайра риваят кылган хадисте, пайгамбарыбыз (ага Алланын салам-салаваты болсун): “Ким Аллага жана Анын элчисине ыйман келтирсе, намаз окуса, орозо тутса, ал адам Алла жолунда согушсун же жашаган жеринде отурсун, баары бир Алла аны бейишке киргизгенге укуктуу” – деди. Ошондо сахабалар: “Оо, Алланын элчиси, муну биз элдерге сүйүнчүлөйлүбү? – деп кубанышты. Пайгамбарыбыз болсо кошумчалап: “Алла Таала жихад кылуучуларга бейиште жүз даража даярдап койгон, ар бир эки даражанын аралыгы – асман- жердин ортосундай. Эгер силер Алладан сурай турган болсоңор, Фирдаус бейишин сурагыла! Себеби, ал бейиштин ортосу жана бийиги, анын өйдө жагында Алланын аршы бар, андан бейиштин дарыялары агып чыгат” – деп айтты. (Бухари, 7423-хадис). Анас риваят кылган хадисте, Умму Хариса аттуу аял Алланын элчисине келип, анын жолдошу Хариса Бадр күнү жаанын жебеси сайылып курман болгонун айтып: “Оо, Алланын элчиси, Хариса менин жүрөгүмдү кандай ээлеп алганын билесиң, эгер ал бейиште болсо, мен ал үчүн ыйлабайм. А эгер андай болбосо, эмне кылаарымды көрө жатаарсың” – деди. Ошондо пайгамбарыбыз: “Сен эмне, бейиш бирөө эле деп ойлойсуңбу? Бейиш (даражалары) көп, сенин жолдошуң бийик Фирдаус бейишинде” – деп жооп берди. (Бухари, 6567-хадис). Пайгамбарыбыз бейиш ээлери бейиште даражаларына карай айырмаланып турарын да айткан. Абу Саид Худри риваят кылган хадисте, бир жолу пайгамбарыбыз (ага Алланын салам-салаваты болсун): “Адамдардын арасында даражалары ар түрдүү болгондуктан, бейиш ээлери өздөрүнөн өйдөңкү бөлмөлөрдө турган адамдарды асманда батып бара жаткан жылдызды карагандай карашат” - деди. Ошондо сахабалар: “Оо, Алланын элчиси, ал пайгамбарлардын орду болсо керек, аларга эч ким жетпейт го” - дешкенде, пайгамбарыбыз: “Жок, менин жаным анын колунда болгон Затка ант! Алар - Аллага ыйман келтирип, пайгамбарларды тастыктаган адамдар” – деп жооп берди. (Бухари, 3265-хадис, Муслим, 7322-хадис). Абу Саид Худри риваят кылган дагы бир хадисте, пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун): “Бейиштин жогору даражасында турган адамдарды алардын ылдый жагында турган адамдар, силер асманда жаркырап турган жылдызды көргөн сыяктуу көрүшөт. Абу Бакр менен Умар да ошолордон, алар жыргалга бөлөнүштү” – деп айткан. (Ахмад, 11222-хадис). Демек, бейишке кирген адамдар бул дүйнөдө жасаган амалдарына жараша бейиш даражаларына бөлүнүп, бири-биринен бийик даражада болот. Алла Таала баарыбызга бейиштин бийик даражаларынан орун берсин.
Бейиш гезити


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев