Предыдущая публикация
Кечуудон башка арга корбой койдум,
Кечирчи мен шартына конбой койдум.
Чындыкты кабыл албай,кадырыма,
....Чынында такыр конул болбой койдум.))
Тартышкан ойлор тубун таппай койдум,
Тагдырга такыр эле жакпай койдум!
Мээримин балким аздык кылды бекен?
Мен сенин ааламына батпай койдум.
Озумду эч бактылуу сезбей койдум,
Озгочо кыялдарды кезбей койдум.
Алышсам болмок эле турмуш менен,
Атайлап женилдим мен! Женбей койдум!
Туйгудан тартып колум,сунбай койдум,
Туура жол тандаганым туйбай койдум.
Ынгайлуу болуу учун жашоо сага ,
Ынанган созумо мен турбай койдум.
Созумо кечир мени,турбай койдум!)
Ав:Гульниза Эргешова
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 16
Акын кыз
Олгондо мааниси жок окургондун.
Эске алып кырча тиштеп бармактарды,
Отконго пайдасы жок окунгондун.
Озгорбой дардаландап бой которбой,
Жашасак бар нерсеге канаат кылып.
Аша чаап кеткен кезде Аллах аны,
Кайтарып берет экен сабак кылып.
Мезгилсиз омур деген аныгы жок,
Маанилуу иштерге аны колдонолу.
Чындыкты сатып алуу мумкун эмес,
Азыртан ал учурду ойлонолу.
Калтырып оорутпасан конулдорду,
Акыретти азыртан ойлонолу.
Автор;Муратбек уулу Анарбай.
23.01.2020-жыл