Кармана албай сезимдер,
Азыркы күндө сени издээр.
Дөңчөгө кетти айланып,
Экөөбүз баскан тегиз жер.
Чыркырап жүрөк булукту,
Сезимдер кайда туруктуу?
Кирдебес аруу сүйүүмдүн,
Күбөөсү болгон тунук суу.
Батынам кантип мен эми?
Тагдырдын ушул белеги.
Сүйүүнүн көзү сокур деп,
Эскертип жатат же мени.
Көкүрөк таппай калыстык,
Көкөлөп бийик дагы учтук.
Буйрубай калган сезимден,
Күтпөгөн жакшы жарыктык.
Ичимде жашап ушу арман,
Аксады жерде учаар жан.
Турмуштун берген жообунан,
Бушайман жедим бушайман.
Ансыз да менин санаам жык,
Көкүрөк торго камалдык.
Ошондой азап жашоодо,
Амандык тилейм амандык.
Айланып көктө күн жүрөөр,
Жылуулук чачып үлгүрөөр.
Турмушуң таттуу сезилип,
Бактылуу жакшы күндү көр.
Буюруп аткан таң жаңы,
Жаралды менде жандануу.
Бактылуу болуп жашайын,
Бактылуу болсун ал дагы..
Бактияр Султанбеков


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 3
Азайбас жандын арманы.
Бактылуу болгун сен эми
Бактылуу болсун ал дагы.