Предыдущая публикация
Күткөнсүң,билем унаа токтомунан,
Жаныңан бир инсанды жоктоп улам.
Экөөбүз экинчи ирет жолукпайбыз,
Кечеги кезигишкен Ош жолунан..
Керемет сыйкыр чыгып кошулганы,
Аягы балдай бирок башында "уу".
Жан дүйнөм тумар кылып өмүр бою,
Тагынат айрылууну Ошумдагы...
Сагынам биз жашаган жакты дагы,
Ал кезде аруу дүйнөм жакчу баары.
Мен эми сени эскерип жүрүш үчүн,
Унутпай жашай берем Ак-Бурааны..
Бактияр Султанбеков


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 7