Предыдущая публикация
Көтөрүп тагдыр жүктөрүн,
Сапарда жүрүп бүтпөдүм..
Түңүлбөй күтөм баарыңан,
Мээримдин тунук күчтөрүн..
Көргөндө көрүп түркүндү,
Жоготуп жүрөм күлкүмдү.
Эсиме такыр албапмын,
Чаң учкан азап бул күндү.
Чыдамду кылып өзүмдү,
Жашасам гана көңүлдү.
Сүйө албай койдум негедир,
Бир келген ушул өмүрдү.
Туманга толуп туш тарап,
Көңүлгө кайгы кысталат.
Тумчугуп барам дем жетпей,
Бул дүйнө "ЖАЛГАН" жыттанат.
Өмүрдү сүйүп калмакмын,
Жалгансыз болсо кысталак.
Бактияр Султанбеков


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 17
Чыдаамдуу болбос жанчалык,
Чыйрыгаат денем коргондо,
Чырпык жан олсо канчалык,
Кейибе иним омурго,
Азапты алба конулго,
Акыры бул жол алып барат,
Акырээттик бир олумго,
Сыздаймын мен да сыздаймын,
Эркектин коруп кыздаайын,
Энсеймин бирок жетпээдим,
Оз журтумун туздаайын,
Четтеп биз журуп билдикби,
Чиркин бир журок муздаарын,
КӨНГӨНБҮЗ БААРЫ ЖАЛГАНГА,
АТА ЭНЕ ӨТКӨН ӨКҮНҮП,
КӨКСӨӨСҮ ТӨЛУП АРМАНГА .
ШҮГҮР КЫЛ ДҮЙНӨ КЕЛГЕНГЕ,
ЖЫРГАЛ ЖАШОО БЕРГЕНГЕ,
ЫРЫСТЫ ЧАЧЫП ЖАЛГАНГА,
ПЕНДЕСИ КЕЛИП ЖЕГЕНГЕ.