ИММУНИТЕТ ДЕГЕН ЭМНЕ??
Иммунитет төмөндөп кеткенде оору келип чыгат» деген сөздү баарыбыз эле угуп жүрөбүз. Бирок иммунитет деген эмне экенин жакшы биле бербейбиз. Ар түркүн оорулардын алдын алып, ден соолугубуздун сакчылыгында турган иммунитет дүйнөсүнүн сырларын назарыңыздарга сунабыз.
Жалпы түшүнүк
Иммунитет – организмдин инфекцияларга жана чоочун заттарга каршылык көрсөтүүсү. Иммунитет тубаса жана кийин пайда болгон делип экиге бөлүнөт. Тубаса иммунитет адамга түйүлдүк кезинде эле апасынан өтөт. Ал эми кийин пайда болгон түрү адам ооруга кабылганда эмдөөдөн улам пайда болот.
Организм “сакчылары” жана “душмандары” тууралуу
Күн сайын, мүнөт сайын ар бир организмде адамдын ден соолугунун сакчылыгында инфекцияларга жана чоочун заттарга каршы «аскер-клеткалар» жана механизмдер иштеп турат. Ички агрессияны (душмандын кол салуусун) басуу үчүн даяр турган атайын клеткалар да бар. Мунун баарын иммундук система жөнгө салат.
иммунитетке кам көрүңүз!
Иммунитет дайыма бир калыпта иштесе, анда организмге коркунуч туулбайт. Башкача айтканда, инфекциялык, аллергиялык, аутоиммундук ооруларга чалдыкпайсыз.
Жогоруда айткандай, адам вирус жана башкалардан иммунитети аркылуу коргоно алат. Ошондой эле иммунитет адамдын суукка, ысыкка, радиацияга жана кислотага туруштук берүүсүн камсыз кылат. Эгер иммунитет төмөндөп кетсе, анда организмге кирген микробдор, вирустар, мителер жашап кетет да көбөйө баштайт. Адам бат-баттан жана катуу ооруйт. Мындай абалды дарыгерлер «иммундук жетишпестик», «иммунитеттин кемчилиги» деп аташат.
Иммуниттетин төмөндөшүнүн белгилери
Алгачкы белгилерине: өзүн жакшы сезбөө, бат чарчоо, шалдыроо, уйкуга тартылуу же уйкусуздук, баш оору, булчуңдардын жана муундардын жанчылгандай болуп оорусу кирет. Мындайда адамдын көөнү эч нерсеге тартпай да, көпчүлүктү сүйбөй да калат. Кээ бир адамдарда аллергия пайда болот.
2-этаптын белгилери болуп кадимки мурун бүтүүнүн (ринит) өнөкөткө айланышы, учук, сасык тумоо сыяктуулар кирет. Андыктан комплекстүү дарылануу керектелет.
3-этаптын белгилери болуп өнөкөт оорулардын көбөйүшү жана алардын оорлошу кирет.
Негизинен, иммунитети төмөндөгөн адамдарга терисинин түлөшү, өңүнүн бозорушу, ичкерип, өңүнөн кеткен чачтар,


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев