Дуйнодо баардык жандуу нерсени жараткан, аялы,эркеги,атасы,апасы анан кереметтуу баласы менен кылып жаратыптыр... Бул кандай укмуштуу,ажайып омур десениз, бала бул жашоо кызыгы,омур азыгы тура...Адамзатта ата-эне,бир туугандарыбыз баа жеткис баалуулук болуп эсептелсе,ал ортодон убакыт сааты менен "уй-булоо" деген ордолуу очок пайда болот эмесби.? Ошол ордобузда кичинекей аңкыган укмуш,мурун өрдөгөн бала жытынын пайда болушу бул бир өзгөчө, сөз менен жеткирүү мүмкүн болбогон бакытты туюу экен. Балалуу болдук жаштыкда 😊 уйкудан калдым,ыйласа кыйналдым дедим. Бирок, периштем чоңойуп улам кылыгы арткан сайын ага тойбойм миң ирээт шүгүр, шүгүр, шүгүр айтам оо жараткан бактымды кут кыл! Өзүң гана жашоо бердиң,бакыт бердиң, сага ыраазычылыгым, шүгүрчүлүгүм чексиз! Баламдан 3 күн алыста болуп сар-санаа болдум, 5 күндө сагындым, бүгүн мына 10- күн 3 күндөн бери жеген-ичкеним белгисиз ичим зырылдап жатат өзүмчө эле кызыкдай болуп.... Эртең үйгө кайтам кичинекейимда мени күтүп жаткандыр бала тамырчы деп койот го кыргызда ичинде "апам кайда жоголду " деп кусаланып атса керек. . Ушул күндөрү мигрант кыз-келиндерге, аларды күтүп зарыккан уул-кыздарына эбегейим эзилип, зээним кейиди аларды турмуш зарылдыгы,аргасыздыгы мерез кылып бараткан жокбу!? Байкуштар кантип ондогон жылдарды бири-биринен алыс өткөрүп жатышат!? Алар качан чоогу,жылуу үйдө бейгапар чай үстүндө олтурушат. Биздеги миллиондогон мигранттын мээримге тойбогон, тарбиянын толук кандуу тартибин көрбөгөн, сүйүүгө муктаж балдары келечекте коркпой,эч кимден тайманбай өлкө намысын коргоп бере алабы? Балдарды апа мээриминен ажыратуудан,ата камкордугунан ажыратуудан коргоочулар барбы!? Балдарды мусапыр кылбай ата-энесин маңдайына койуп, каткырык күлкү менен ойгонуп, көңүлү ток жомок угуп уктай тургандай колдоону бере алабызбы?!
Иш аракеттер өз максатына жетишсин, ар бир адам өз жоопкерчилигин өз мойнуна алсын. Аталык,энелик, аткаруучулук,башкаруучулук.
#2020-жыл Балдарды колдоо жылы.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев