Предыдущая публикация
Сүйлөшүп сырдашамын бактар менен,
Сүйүүгө муктаж алар ичи кенен.
Салкын аба, төбөмдө көкмөк асман,
Сулуулуктан эс алып турат денем.
Тамчысы шүүдүрүмдүн чөп бетинде,
Термелип мен олтурам селкинчекте.
Толгон токой ой кыял багындырып,
Тандоосуз жалгыз сезип бак ичинде.
Түйшүктүн баарын жуктөп алгандаймын,
Түпкү дүйнөм кыйналып азгандаймын.
Түбөлүк бул жашоону менчик кылып,
Түбү жок дүнүйөдө калгандаймын.
Балалыгым, жаштыгым арманымда,
Бала болуп, кайрадан калганымда.
Анда мен башкача бир тандоо кылып,
Армансыз жашамакмын бул жалганда.
Автор: Темирбаева Динара
06.05.2024. Бишкек кайрыктары мүчөсү.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев