Чар тараптын сынына сынбагыла,
Чек койуп кыйанаттык кылбагыла.
Чырпык да чынар болуп жетилгенде,
Чертилет комуз күүнүн кылдарында.
Жан дүйнөнү жыртпагыла, аягыла,
Жабыркаса же жыгылса таягыла.
Жайнатып кызыл гүлдөй бажырайтып,
Жакшы сөзгө суугарып карагыла.
Өнөр назик аздектеп барктагыла,
Өлчөмсүз тебелеп да баспагыла.
Өмүрдө бир берилген белек билсең,
Өйдөлөп өс, өнөр түбүн таптагыла.
Бекитип эргүүлөрдү катпагыла,
Бийиктикти багындыр сактагыла.
Берилет өнөр, талант Жараткандан,
Белгисиз издер самап качпагыла.
Чиймелеп жазып жатып шашпагыла,
Ченеми жок, сызыктан ашпагыла.
Чийки кылып бышырбай ырыңарды,
Чала кылып калтырууну таштагыла.
Автор: Темирбаева Динара
05.05.2024. Бишкек кайрыктары мүчөсү.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев