Бир киши кыйла зор кыйынчылык менен тоодон отун терип келчү экен.Ал эми анын аялы болсо ал отундарды көз ачып жумганча эле кошуналарга тартып жиберет. Ошол киши аялынын бул кылыгына чыдай албайт.Анан бир жолу отун алып келүү үчүн тоого аялын да кошо алып барат.Анан чоң эки боо отун жыйнайт да,жонуна көтөрүп айылга алып келет. Ошондо аялы кара терге түшүп,абдан чарчап,отун алып келүү кыйын экенин ошондо гана түшүнөт. Эртеси күнү кошуналары отун сурап келген кезде,тиги аял:
-Эй кошуналар!Өзүм терип келген отундан берсем берем,бербесем жок.Бирок күйөөм алып келген отунга кол тийгизбеймин.Баргыла отун керек болсо,өзүңөр терип келгиле!
-деп айтат.💕🍃


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 3