Жараткан Алланын бул кереметтүү даанышмандуулуганда кандай сыр бар?
Имам Аль-Газали айтат: Адамдар тозокко жети мүчөсүнөн суралгандан кийин түшүшөт; “Көз, кулак, ооз, кол, бут, курсак жана жыныс мүчөлөрү”. Ушул жети мүчөгө байланыштуу тозокту жети эшиктүү кылып жараткан. Ал эми бейишке кире турган адамдын сегиз мүчөсүнөн суралат: “Көз, кулак, ооз, кол, бут, курсак, жыныс мүчө жана жүрөк”. Себеби, адам жакшы же жаман иш жасарда жүрөгү менен ниет кылат. Эгерде адамдын жүрөгү жакшы амалды тандап, аткарса да аткарбаса да “жакшы, сооптуу иш кылды” - деп, жазылып бейишке киргизилет. Ошондой эле кимде-ким жаман ишке ниет кылып аткарса гана тозокко киргизилет. Ошондуктан, Алла Таала бейишти сегиз эшиктүү, тозокту жети эшиктүү кылып жараткан”.
Аллахым баарыбыздын жүрөгүбүздү, жүзүбүздү ыйман нуру менен нурдуу кылып, амал дептерибизди сооптуу амалдарга толтуруп, бейишке кирүүнү насип кылсын!!!🌹🍃


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 3