Ибрахим бин Адхам Басра шаарындагы базарлардын бирөөсүндө бара жатса элдер жыйналып: "Оо, Ибрахим! Алла Таала Куранда: "Мага дуба кылгыла, дубаңарды кабыл кылам" - деп убада берген. Биз көп убакыттан бери дуба кылабыз, бирок дубабыз кабыл болбой жатат, анын себеби эмнеде? - деп сурашты. Ибрахим Адхам: "Оо, Басра эли! Он нерсе себебинен жүрөгүңөр катып калган, ошол себептен дубаңар кабыл болбойт" - деп жооп берди.
1. Алланы тааныйсыңар, бирок, буйруктарын аткарбайсыңар.
2. Куранды окуйсуңар, бирок, ага амал кылбайсыңар.
3. Пайгамбарды сүйөм дейсиңер, бирок, сүннөттөрүнө ээрчибейсиңер.
4. Шайтанды душманыбыз дейсиңер, бирок, шайтандын жолун жолдойсуңар.
5. Бейишке кирүүнү эңсейсиңер, бирок, бейишке алып баруучу амалдарды аткарбайсыңар.
6. Тозоко түшүп калуудан коркосуңар, бирок, өзүңөрдү өзүңөр тозокко ыргытасыңар.
7. Өлүм акыйкат дейсиңер, бирок, ага даярдык көрбөйсүңөр.
8. Мусулман бир туугандарыңардын кемчиликтерин издейсиңер, бирок, өзүңөрдүн кемчиликтериңерди көрбөйсүңөр.
9. Алланын нээмат кылып берген ырыскысын жейсиңер, бирок, шүгүр кылбайсыңар.
10. Өлүктөрүңөрдү көмөсүңөр, бирок, андан ибарат, сабак албайсыңар.
Автор: Абдишүкүр ажы Нарматов


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 9