Жактырбайсыз билемин, көп байкадым,
Көңүл бөлүп, сизди карап баш чайкадым.
Каралдым ай неге мынча кайдыгерсиз,
Нечен жолу ташкан суудай чайпалдым.
Сизге болгон аруу сезим таптаза,
Аруулугун ошол инсан байкаса.
Кетпеймин өзгөлөрдүн жолун жолдоп,
"Сен болбосоң" башкасы деп башкага.
Мен жетпесем бул дүйнөдө сүйгөнүмө,
Сиз жетиң ааламдын бир чүрөгүнө.
Жүрсөм дагы жоопсуз сүйүү менен,
Кубанам коруп дайым жүргөнүмө.
Автор: Орозалиева Бүбүсара