Досторум бала-чактан тең чоңойгон,
Чаң болуп, чаң үстүндө тең ойногон.
Чарчап биз, чаалыкканды билбес элек,
Шок болуп, тентектикти биз койбогон.
Өтүптүр мезгил жылып жылга айланып,
Жаштыкты сүйрөп барат өмүр тартып.
Кечээки боз улан чак калып кетти,
Турмушка казыгыбыз бек байланып.
Мен үчүн силер баарың бирдейсиңер,
Ак калпактай чогулуп бийиксиңер.
Катарын бузбас болгон турналардай,
Аяштар сапка катар тизипсиңер.
Ар дайым достугубуз бекем болсун,
Арабыз күлкү менен шаңга толсун.
Топурап катарлашып тойго басып,
Бак дөөлөт башыбызга келип консун.
Эскерип жаздым өткөн балачакты,
Кабылдап аласыңар ырдуу сапты.
Жазалбай жаман акын болгучакты,
Жазайын силерге мен салам катты.
Алтынбек Абдырахманов
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 1