Баш ийбеске айла жок!
Алыста жүрүп сагынып,
Ашыгып келип жоктосом.
Азапка батпай эмине?
Айылга келсем жок болсоң!
Көп узап кетип өзүңдөн,
Кайрылып келип жоктосом.
Көңүлүм чөкпөй эмине?
Көчөңдөн өтсөм жок болсоң!
Сүйүүдөн тартып кайгыны,
Сезимдер күйүп от болсом.
Сыздабай анан эмине?
Сени издеп келсем жок болсоң!
Үмүтүм үзбөй сени деп,
Үйлөсө өчпөс от болсом.
Үлпүлдөп өчпөй эмине?
Үйүңө келсем жок болсоң.
Көөдөнгө толуп саныныч
Көрүүгө сени зар болсом,
Көөшөрбөй анан эмине?
Күйөөгө кетип жар болсоң.
Тагдырдын экен жазганы,
Тытынган менен пайда жок
Бактылуу болгун алтыным,
Баш ийбеске айла жок!
НЕ КЫЛАМ))))
Жактырган жаным сен болсоң
Жактырбай турсаң, Не кылам?
Көңүлүм алып койбосоң,
Жүрөгүм ооруп кыйналам.
Сүйгөн бир жаным сен болсоң,
Сүйбөйм деп турсаң, Не кылам?
Сооротуп азыр койбосоң,
Сыгылып жаным кыйналам.
Жүрөгүм тандап өзүңдү,
Согуп бир турса, Не кылам?
Жүзүмдөн өөп койбосоң,
Азапта калып кыйналам.
Сагыныч кыйнап баланы,
Саргайтып турат, Не кылам?
Сүйөм деп айтып койбосоң,
Санаам бир бүтпөй кыйналам.
Ойлор басып баланы,
Оорлошуп турам, Не кылам?
Ооруумдубасып койбосоң,
Отурган жерде кыйналам.
Кыялым учуп сен жака,
Кыялбай турам, Не кылам?
Кабарың айтып койбосоң,
Жол карап күтүп кыйналам.