ЧОҢ АТАМ
(Улуу Ата-мекендик согуштун ардагери чоң атам Сейталиев Садыкбайдын жаркын элесине арналат)
Чоң атам көзгө атар мерген эле,
Кан кечип, канкорлорду жеңген эле.
Көздөгөн максаттары ишке ашып,
Жеңишке жетип элге келген эле.
Кусалуу сагынычтар артта калып,
Тоо койну тосуп алган кучак жайып.
Булбул куш таңшып сайрап токоюнда,
Кашкайган мөлтүр суусу шыңгыр агып.
Аралап жазда, күздө кетер эле,
Арчалуу, карагайлуу тескейлерге.
Атыңыз сакталыптыр тоо койнунда,
Үнкүр-таш Садыкбайдын дешер эле.
Ал дагы жараткандын буйругу экен,
Тоолору күткөн ачып койнун кенен.
Атаке бейиш бакта тынч уктаңыз,
Уланып урпактарың келет эсен
Унутпай атыңызды эстейт нечен.
Ав: Сааткан Садыкбаева
"Поэзия Ор
Жазгым келет сүйүү, жашоо, гүл түрүн,
Курчалса экен кубанычка нур жүзүң.
Жазда жайнап гүлдүн түрү ачылат,
Жасмин, сирен, жоогазындар ар түркүн.
Көнүлүңөр күндөй жаркып чачырап,
Майрам болсун акушерлер, ар күнүң!
БАКЫТТЫН АЧКЫЧЫ
Күлмүңдөп өзүнө караткан,
Жаркытып жан дүйнө тазарткан.
Наристе күлкүсү өчпөсүн,
Коргой жүр улуу зат Жараткан.
Мунарык...туманды агарткан,
Жүзүңө жылмаю тараткан.
Жайнаган көздөрүн көргөндө,
Жамандык кайдадыр адашкан.
Кең аалам алардан бүткөндөй,
Ачылат асман да бүркөлбөй.
Жаркытып көңүлдү көтөргөн,
Жайкалган жашыл төр көктөмдөй
Толсунчу энелер бактысы,
Томсорбой, урабай тактысы.
Наристе күлкүсү жаңырсын,
Бар байлык, бакыттын ачкычы.
Ав:Сааткан Садыкбаева
"Поэзия Ордосу "көркөм-адабий коомдук бирикмесинин мүчөсү.
25.04.2024-ж.
ОКЕАНДАЙ ЧАЛКЫГАН
( Алп акын Какен Алмазбековдун жаркын элесине арналат)
Океандай чалкып жаткан тереңсиң,
Түрмөктөлгөн толкундардан көрүнгөн.
Унутулбай эл ичинде элесиң,
Оргуштаган эргүүлөрдө төгүлгөн.
Улуу-кичүү жүрөгүндө катылган,
Укмуштуудай ыр саптарын жазгансың.
Таңшый берет элиң сүйгөн "Чагылган",
Көрөңгөлүү көөдөн сырын ачкансың.
Жазып ырды, баарына тең жаккансың,
Лириканы өтө терең, кең казып.
Жалындаган оттой күйүп жангансың,
Ыр дүйнөдө, орошондуу ыр жазып.
"Сагынам"-ды, өзүң жазган чыгармаң,
Талаш болгон башка акындын ыры деп.
Талкууланып эл алдына чыгарган,
Аныкталган сенин жазган ырың деп.
Алп акыным, тынч уйкуда уктагын,
Бейиш бакты жүрсөң экен аралап.
Жумшак болсун ж
ОЙ-ТОЛГОО
Өтөт күндөр кайрымы жок чубалып,
Артка жол жок экендигин билебиз.
Ар бир мүнөт, сааттар бизге арналган,
Байкабайбыз кымбаттыгын неге биз?
Ошол күндөр күлкү, кайгы коштогон,
Издерибиз кумга батып кетиптир.
Эки бөлөк жолдор, тагдыр кошпогон,
Өз жашоосун, өзгөрткөнгө жетиптир.
Кабыл алып жашообузду өзгөрткөн,
Канчалаган жылдарыбыз жоголду.
Өтмүшүмдү таразалап өлчөткөн,
Ал күндөргө көз карашым оңолду.
Аалам кезип келдиңерби?-кыдырып,
Ой-толгоолор булуттарга жанашып.
Каалгып учуп, көк асманды сыдырып,
Кыял менен ой-туюмдар жалгашып.
Таркап кетти, сезимдерди кирдеткен,
Тумандаган мунарыктар адашып.
Ав:Сааткан Садыкбаева
"Поэзия Ордосу "көркөм-адабий коомдук бирикмесинин мүчөс
СЕЗИМДЕРДЕН ӨЧҮРБӨЙМ
Тамчылары жааган жазгы жамгырдын,
Тереземе тийип улам черткилейт.
Мезгил учат, жылда бир жаш керткилейт,
Өмүр жазым... уурдап жарым жашымдын.
Гүл жыттанган аруу, баёо курагым,
Узап кеттиң, ачып көздү жумганча.
Назар салып, көңүлүмдү бурганча,
Таппай азыр, күүгүм кечте турамын.
Өткөн өмүр, өлчөмүнө өкүнбөйм,
Өрүк гүлүн ачкан кези элестеп.
Секелек кыз саамай чачы сереңдеп,
Өрүк зарда жүргөн күндү өчүрбөйм.
Жашоо кызык, жазам дагы улантып,
Өкүнүчүн унуткарам...көчүрбөйм.
Ав:Сааткан Садыкбаева
"Поэзия Ордосу "көркөм-адабий коомдук бирикмесинин мүчөсү.
26.03.2024-ж.