НАМАЗ БАШТАГЫСЫ КЕЛИП ЖҮРГӨН АДАМГА 5 КЕҢЕШ!
Көп адамдар "Мен чындыгында эле намаз окугум келет, бирок кантип баштаарымды билбей жүрөм", "намаз окуюн десем, бир түрдүү жүрөксүнөмүн, мага жардам бересизби?" деп жатат.Туура, мындай сооптуу ишке чоң даярдык менен, өтө катуу жоопкерчиликтүүлүк менен караган дурус болоор.Бул чындыгында эле намаз окуу кыйын деген сөз эмес. Себеби, намаз окуу сиз ойлогондон дагы оңой жана жеңил.
Биз бүгүн намазды кантип, эмнеден баштаарын билбей жүргөн окурмандарыбызга мына мындай жөнөкөй кеңештерибизби сунуштайбыз!
БИРИНЧИ:Намаз баштоого ниет кылып жүрсөңүз, алгач даарат алуунун эрежесин үйрөнүп алыңыз. Себеби дааратсыз намаз болбойт. Даарат намаздын