Олум алдындагы адам оз куноо-каталарын коп ойлобостон, бардык куноолорду кечируучу мээримдуу Аллах Тааланын алдына баратканына ишенип, Аллах Таалага жакшы умут менен кароосу суннот. Анткени Бухари, Муслимдер баяндаган кудсий хадисте
Алла Таала:
" Мен кулумдун ойлогонуна жараша болом" - деген.
Ошондой эле Пайгамбарыбыз Саллаллооху Алейхи Ва Саллам : "Бироонор жан узоор алдында Аллах Таалага соссуз жакшы умут байлагыла" - деген Муслимден риваят.
Акыретке сапар тартар алдындагы адамды кыбылага жуздонтуп, он жагы (ыптасы) менен жаткызуу керек. Анткени Пайгамбарыбыз Саллаллооху Алейхи Ва Саллам Кааба жонундо: "Олук менен тируунун кыбыласы" - деп айткан ( Абу Дауд )
Эгерде оорулуга онтойсуз болсо, чалкасынан жаткырып, бетин жана бутарын кыбыла жакка каратып жаткырууга, буга да ынгайсыз болсо, оз абалында калтырууга болот. Олум алдындагы оозуна кашык, же пахта аркылуу Суу берилгени жакшы.
Оорулу катуу кыйналса, жакындары ага болгон жардамын берип, комок корсотулот. Анын жанында туруп " Куболук келмесин" - кайталап, анын айтуусуна жардам беруу да суннот. Бирок бул ыйман созун зордоп айттырууга болбойт.
Пайгамбарыбыз Саллаллооху Алейхи Ва Саллам мындай деп эскерткен: "ОЛУМ алдындагыларга "ЛАА ИЛАХА ИЛЛАЛЛАХ" келмесин айтканга коиоктошуп кайталагыла. Олум маалында аны айткан адамды ушул соз тозоктон куткарат" "Акыркы созу "Лаа илаха иллаллах" болгон адам жаннатка кирет" ( Муслим, Абу Дауд )
Адам кайтыш болгондо, ээги бириктирилет жана таза чупурок менен танылат (ээги башы менен кошо байланат). Коздору жумулат. Колдору жанына туз сунулат. Андан сон олуктун усту кездеме менен жабылат.
Олгон адам жуулганга чейин анын жанына Куран окулушу макрух. Олгондугу аныкталган сон дароо жууган жакшы.
Кийинки болукто "Жаназанын, (олуктун) жуулушу" тууралуу макала болмокчу.
📗 ИСЛАМ НЕГИЗДЕРИ 2 китебинен
📲 www.iymannuru.kg 🌿ЫЙМАН НУРУ медиа порталы
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 2