Бирок калпактын тузулушу, калпактагы ар бир тус жана ар бир оюу озунчо маанини туюндуруп турат. Калпак бири-бирине дал келген 4талаадан куралат, 4талаа биригип келип кыргыз эли байыртан мекендеген Ала-Тоону чагылдырат. Демек, мекенибиздин символун берет. Калпактын ак кийизден жасалганы анын ыйыктыгын, аруулугун тушундурот. Калпак-байыркы баш кийим. Аны кийген адам ата-бабаларынын тарыхына тамырлашып, элинин салтына, маданиятына бекем байланышат.
Ак калпакты кийгенде тоолор менен тен болгонсуйм,
Калпак кийген адамдар эч нерседен кем болбосун,
Улуттук кийим кийишип ушул куну,улуу кыргыз элим бут козголгонсуйт деп 5-март "Ак калпак" кунундо кыргыз элине кошо бизда козголдук.
Ушул салтты, маданиятты бекем карманып "Кадамжай Жаштары" фондунун Ош филиалы "Асманда жарык корсон жылдыз деп бил, ак калпак кийгенди корсон кыргыз деп бил" аталышындагы кезектеги иш чараны жогорку денгээлде откорушту. Иш чарада торага баш болгон фондтун жаштары Кадамжайлык ар кайсы тармакта иштеген Оштогу агаларыбызды "Ак калпак" куну менен куттукташып фонд тарабынан аларга белек катары улуттук баш кийим болгон ак калпак куттуктоо барагы ошондой эле фондтун кыздарынын кол эмгегинен жасалган фондтун эмблемасын эстелик учун калтырышты.
Иш чаранын журушундо
1.Балтабаев Алмаз - Ош ШИИБ
2.Колдошов Мухидин - Ош ШИИБ
3.Абдисаттаров Азамат - Akipress Ош филиалынын жетекчиси
4.Гапаров Максатбек -Akipress Ош
5.Исмаилов Акимжан - Ош МСУ окутуучу
6.Шакиров Кылыч - ОшМУ окутуучу
7.Калматов Роман - ОшМУ окутуучу
8.Мамажанов Жакып - ОГПИ окутуучу
9.Аззамжан уулу Айтмат - КРнын окмотунун Ош облусундагы ыйгарым укуктуу окулунун аппараты
10.Эсенов Борумухаммед - КРнын президентине караштуу туштук регионунун мамлекеттик дин иштери боюнча комиссиясынын болум башчысы
агаларыбызды куттуктап кайтышты.Агаларыбыз жаштарды жакшы маанайда тосуп алып оздорунун кеп кенештерин айтып эн жакшы сапаттары менен жаштарга улгу боло алышты.Жаштардын ынтымагынын негизинде иш чара жогорку денгээлде оттуу!
Кийет кыргыз тушурбой,
Башка улут тушунбой.
Улук кийим ак калпак,
Манкурт аны тушунбойт.
Калпак десе кыргыз деп,
Коргондор дароо кылат кеп.
Башыбызда ак калпак,
Наамысыбызга болот чеп.
Калпак кийсе кыргыздар,
Кубанышат жылдыздар.
Кийип жургон калпакты,
Чынгыз деген жылдыз бар.
автору: "Кадамжай Жаштары" коомдук фондунун мучосу Карабашев Абдирасул.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев