Гипертонияны кантип айыктырса болот?
Кыргызстанда тоолуу климатыбыз, сапатсыз, зыяндуу тамак-аш жегендин, күнүмдүк стресстердин айынан акыркы кезде калк арасында кан басымы жогорулап, гипертония оорусуна чалдыккандар көбөйө баштады. Элүүгө чыкпай жатып, дары менен эле жүрүп калдык дегендер бар. Тойго барганда койдун этин жебейм кокуй, кан-басымым көтөрүлөт деп корккондор да бар. Жапжаш эле кишилер инсульт-инфаркт менен кете башташты. Алтымышка жаңы чыккан байкем давлениеси катуу көтөрүлүп, эс-учун жоготуп, ооруканага жатып калды. Көргөнү барсам, толтура дары-дармекти доктур жазып бериптир. Мындан ары ушул дарыларды дайым ичесиң. Бул дарыларсыз жүрө албайсың дептир. Дары-дармек бир жериңди д