Абу Хурайра (розияллооху анху)дан риваят:
"Пайгамбар (саллаллооху ъалайхи ва саллам): "Алла Тааланын токсон тогуз Аты бар, бири кем жүз. Ким Аны жаттаса, бейишке кирет. Алладан башка кудай жок.
Ал:
1. Ар-Рохмаан - Мээримдүү;
2. Ар-Рохиим - Ырайымдуу;
3. Аль-Маалик - Чыныгы Падыша;
4. Аль-Куддуус - Кемчиликтен Таза;
5. Ас-Салаам - Ар бир аапаттан Сактоочу;
6. Аль-Му'мин - Бардык нерселерге амандык, тынчтык, бейпилдик Берүүчү;
7. Аль-Мухаймин - Макулуктардын үстүнөн күзөтүп Туруучу;
8. Аль-Ъазииз - Ызаат жана Кудурет Ээси;
9. Аль-Жаббаар - Каалоосу мажбур түрдө таасир этүүчү;
10. Аль-Мутакаббир - Улуулуктун Ээси;
11. Аль-Хоолик - Ар бир нерсени Жаратуучу;
12. Аль-Баариу - Ар бир нерсени өлчөп жоктон бар кылуучу;
13. Аль-Мусоввир - Келбет Берүүчү;
14. Аль-Гоффар - Күнөөлөрдү кечире Берүүчү;
15. Аль-Коххар - Ааламдагы бардык макулуктарды Өзүнүн кудурети менен баш ийдирүүчү;
16. Аль-Ваххаб - Белек Берүүчү;
17. Ар-Роззак - Бардык макулуктарга ырыскы жеткирип Берүүчү;
18. Аль-Фаттах - Бардыгына ырайым эшигин ачуучу;
19. Аль-Ъалиим - Эң Билимдүү;
20. Аль-Кообиз - Ырыскыны азайтуучу;
21. Аль-Баасит - Ырыскыны көбөйтүүчү;
22. Аль-Хоофиз - Каапырлардын мертебесин төмөндөтүүчү;
23. Ар-Роофи - Момундардын мертебесин көтөрүүчү;
24. Аль-Муъиз - Мартабалуу кылуучу;
25. Аль-Музиллу - Кор кылуучу;
26. Ас-Саами - Жашыруун же ашкере болгон добуштардын баарын Угуучу;
27. Аль-Басиир - Бардык нерсени Көрүүчү;
28. Аль-Хакам - Эң жакшы өкүм чыгаруучу;
29. Аль-Ъадл - Адилеттүү;
30. Аль-Латииф - Сырларды билүүчү;
31. Аль-Хобир -Кабардар;
32. Аль-Халиим - Пенделерине жумшак;
33. Аль-Ъазиим - Улук, Бийик;
34. Аль-Гофуур - Толук Кечирүүчү;
35. Аш-Шакуур - Аз гана ибадатка көп сооп Берүүчү;
36. Аль-Ъалиййу - Эң Улук Мартабалуу;
37. Аль-Кабиир - Улук;
38. Аль-Хафииз - Өз паанасында сактоочу, коргоочу;
39. Аль-Мукиит - Материалдык жана рухий азык Берүүчү;
40. Аль-Хасииб - Барына жетиштүү;
41. Аль-Жалил - Улук, Айбаттуу;
42. Аль-Кариим - Жоомарт;
43. Ар-Рокииб - Пенделерди ар дайым күзөтүп туруучу;
44. Аль-Мужииб - Кабыл кылуучу;
45. Аль-Васиъу - Өтө кең;
46. Аль-Хакиим - Чексиз даанышмандык жана акыл Ээси;
47. Аль-Вадууд - Сүйүүчү;
48. Аль-Мажиид - Улуу урматтуу;
49. Аль-Бааъис - Кайра тирилтүүчү;
50. Аш-Шахиид - Көрүп, билип Туруучу;
51. Аль-Хакк - Чындыгында Бар;
52. Аль-Вакиил - Бардык иштерди өзүнүн кепилдигине алуучу;
53. Аль-Ковий - Чыныгы күчтүү;
54. Аль-Матиин - Бекем күч кубаттуу;
55. Аль-Валий - Жардам берүүчү дос;
56. Аль-Хамиид - Мактоого татыктуу;
57. Аль-Мухсий - Эсептеп туруучу;
58. Аль-Мубди - Биринчи жолу пайда кылуучу;
59. Аль-Муъиид - Кайрадан жаратуучу;
60. Аль-Мухйи - Тирилтүүчү;
61. Аль-Мумиит - Өлтүрүүчү;
62. Аль-Хайй - Түбөлүк тирүү;
63. Аль-Коййум - Бардык нерсени тургузуучу жана башкаруучу;
64. Аль-Ваажид - Каалаган нерсени табуучу;
65. Аль-Маажид - Өтө улуу;
66. Аль-Ваахид - Жападан жалгыз;
67. Аль-Ахад - Жалгыз;
68. Ас-Сомад - Эч кимге жана эч нерсеге көз каранды эмес;
69. Аль-Коодир - Кудуреттүү;
70. Аль-Муктадир - Өтө Кудуреттүү;
71. Аль-Мукоддим - Өзүнө жакын кылуучу;
72. Аль-Муаххир - Өзүнөн узак кылуучу;
73. Аль-Аввал - Бардык нерселерден мурдагы;
74. Аль-Аахир - Түбөлүктүү акыры жок;
75. Аз-Зоохир - Далилдер менен ачык ашкере;
76. Аль-Баатин - Зат жагынан жашыруун;
77. Аль-Ваалии - Бардык макулуктарды башкаруучу өкүмдар;
78. Аль-Мутаъали - Өтө улуу;
79. Аль-Барру - Жакшылык кылуучу;
80. Ат-Тавваб - Пенделерине тообону жеңил кылып берүүчү жана ошол тооболорду кабыл кылуучу;
81. Аль-Мунтаким - Өч алуучу;
82. Аль-Афувву - Каталарды жууп жиберүүчү;
83. Ар-Роуф - Өтө мээрбан;
84. Мааликул-Мулк - Ааламдагы бардык нерселердин Ээси;
85. Зулжалаали вал Икроом - Улуулук жана урмат Ээси;
86. Аль-Муксид - Акыретте ыза чеккендерге зулум кылуучулардан акысын алып берүү менен бирге Адилеттүү;
87. Аль-Жамии - Топтоочу;
88. Аль-Гоний - Бай;
89. Аль-Мугни - Камсыз кылуучу;
90. Аль-Мааниъу - Кайтаруучу;
91. Аз-Зоорру - Зыян жеткирүүчү;
92. Ан-Наафиъу - Пайда берүүчү;
93. Ан-Нуур - Жарык кылуучу;
94. Аль-Хаади - Туура жолго баштоочу;
95. Аль-Бадийъу - Үлгүсүз жаратуучу;
96. Аль-Баакии - Түбөлүк калуучу;
97. Аль-Ваарис - Мурас алуучу;
98. Ар-Рошиид - Туура жол көрсөтүүчү;
99. Ас-Собуур - Сабырдуу".
(Тирмизи).
Түшүндүрмөсү: Алла Тааланын ысым сыпаттары туурасында Куранда жана башка көптөгөн хадис риваяттарда кездешет. Бирок, ушул эле хадисте токсон тогузу толук айтылган.
("Музаахир хак").
🌿ЫЙМАН НУРУ


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 3