Орус тили мугалими
Өмөрали агайга
Орус тилин үйрөтүңүз талыкпай,
Секин сүйлөп, көңүлдөрдү орутпай.
Билимиңиз урматашат балдарың,
Бул тил менен нан чай тапты азыктай.
Орус тили оокат тапты кыргызга,
Орус тили эң керектүү турмушта,
Өзүңүздөн билим алып балдарың,
Баары жакшы жашоо шарты жылышта.
Ж.Мурзабаева
ЖАЗ ЖЫТЫ
Күн жылып,мөңгүдөгү карлар эрип,
Көктө күн жылуулугун тегиз берип,
Көөнүңдү ачып турат жаздын жыты,
Канаттуу жаныбарлар эрте келип.
Келди жаз, биринчи март бүгүн мына,
Көрк берип жылуулугун бизге суна,
Керемет көркөмдүгүң сагыныппыз,
Келишиң күтуп жүрөм,көңүл бура.
Кыш кетип,көз ирмемдер кышта калды,
Кар жаап,кыш чилдесин берип алды,
Каркылдап каргалары кышты коштоп,
Кар менен ыссык жака бүт бет алды.
Ав,Жылдызкан.Мурзабаева
АДАШПАЙЫН ЖОЛУМДАН
Жолто болбо, адашпайын жолумдан.
Алыс болчу, кармабагын колумдан.
Бул жашоону жалган жашоо деп келет,
Чын жашоолор кетпей койду ойумдан.
Аруулантып жүрөгүмдү агартсам,
Жан дүйнөмдү, акак кылып тазартсам,
Жараткандын бизге берген белегин,
Үзбөй окуп, жакшы жолдо баратсам.
Болбос эле бүл дүйнөдө арманым,
Жаратканым колдоп жүрсө ар дайым.
Түбөлүктү жашообузду ойлонуп,
Билип жүрсөк бул жашоонун жалганын.
Заңгыратып үй салбайлы жалганда,
Ибадат жок калбайлы биз арманда,
Түбөлүктүү жашообузга үй куруп,
Бейиш жолдон адашып биз калбайлы а.
Кемсинтпейли кедейлерди бай болуп,
Төбөлөрүң көккө жетип жай болуп,
Унутпагын өмүр бою турбайсын,
Көрктүү жериң,калат бир күн сай болуп
Интернет
Интернет ийри жолго салмай болду,
Интернет акылыңдан алмай болду,
Күнүгө кыла турган иштериңе,
Жолотпой башка жолго салмай болду.
Интернет көрбөгөндү көргөздүрдү,
Интернет билбегенди билгиздирди,
Интернет издегениң өзү табып,
Мээңе көп нерсени киргиздирди.
Интернет келиндерге үйрөтүрдү,
Тамак аш жасап берип гулдөтүрдү,
Интернет барган жерден бата алдырып,
Кыздарды таштай кылып бүрдөтүрдү.
Интернет жеткинчекке жаман болду,
Китебин окутпастан буруп ойду,
Интернет наристеге мультик койуп,
Кичикей бөбөктөргө зыян болду.
Интернет пайдасы бар,зыяны бар,
Музыка үйрөтүүчү кыягы бар,
Интернет токтоп калса бир күн эгер,
Жүрөккө жакындык бар сыягы бар.
Ав.Жылдызкан, Мурзабаева,