Күүгүм кирип..кылымдай таңдар атпай..
Күлчү эми..жүрөк эзип жалдыратпай
Күн өтпөй..өң-келбет да барат азып.
Күзүндө жолго түшкөн жалбырактай.
~ ~ ~
Кышында өтчү узун көп түндөрдөй.
Кыйналып анда санда көп күн көрбөй.
Кыялдар орундалбай..ачылбайсың.
Кыраңда өскөн кызыл топ гүлдөрдөй.
~ ~ ~
Кечке эле кыйналгандан чыкпай майнап.
Келээр жаз,күн да жылып гүлдөр жайнап.
Керемет гүл оронгон күндөр бардыр.
Кемеге..кызарган чок..чайың кайнап..
деп зериккенден..:)
Ай чыкпай калса деле караңгыда.
Жол таап күндүзгүдөй түндө басчу.
Жолугуу үчүн сага жортуул жасап.
Жаштык кез артта калды.. күндө басчу.
~ ~ ~
Ал кездер өттү шамал бурганактай.
Кызгалдак үзүп сага кырдан ташып.
Кыйынсып жашап жүрүп билбептирбиз.
Өмүрдүн өткөнүнү кырктан ашып.
~ ~ ~
Өйдөлөп барса улам өмүр деген.
Өткөндү эстеп калып.. жазып жүрөм.
Өкүнүч болсо деле..байкамаксан.
Очкини тагып алып басып жүрөм...
Көйкөлгөн көйнөгүңдү үлбүрөгөн.
Көчөгө кие албай калдың азыр.
Менимче эми андан жылуураак.
Курткабы же жемпирби..алдың азыр.
~ ~ ~
Жайында жел сылаган чачтарыңа
Кантесиң..ак жоолугуң салындыңбы..?
Же элдер улам эле карай берсе.
Жоолукту жаман көрүп тарындыңбы..?
~ ~ ~
Күз менен келе жатат кыш ызгаары.
Кыйналган кымча белиң чын сыздаары.
Москва..нымдуу аба..даярдангын.
Кыргыздын мигрантка.. көп кыздары!
Москвада иштеп жүргөн Лейлектин таланттуу жигиттери!
Москвада Аксынын кыздары менен Лейлектин жигиттери арасында Сармерден өтөт экен.
уюштуруучу эженин номери коментте!
Байланышып,катышкыла
Ийгилик!