✍ Кунунду жашоодогу эн зарыл, милдеттуу амал Куран окуу менен баштоону насаат кылам. Бирок, буга чейин окуп жургонундон такыр башкача окууну сунуштайт элем. Жон эле шатыратып кете бербей, ар бир созду, ар бир суйломду, ар бир аятты тушунуп, тушунбосон кайра кайталап, эмне жонундо соз болуп жатканын баамдап, эгер буйрук болсо, аны аткарып жатасынбы; эгер тыюу болсо, андан четтегенсинби; откон пайгамбарлардын омуру айтылса, алардан улгу ала алдынбы; мына ушул сыяктуу эрежелер менен аз болсо да, пайдасы тие тургандай оку. Минтип бир жолу окуганын, маанисине конул бурбай он жолу окуганында алда канча пайдалуу.
Бул бир канча кадам жасап коргон тажрыйба Куранды мына ушинтип окуган адам гана Алланын тубу жок кенине кол салат - терен ишеним, бекем ыйман, кызыгуу, бакыт, кубаныч, бейпилдик, эсепсиз сооп-сый жана жан дуйнонун тынчтыгы ошондо сезилет.
Сен ыйык, жалган аралашпаган, эки дуйнонун бактысын ачып бере турган пайдалуу китепти - Жаратуучунун созун окуп жатасын, бул китеп ааламда бироо, ал эми биз окуп жаткан миндеген башка китептер жаратылган, алсыз пенделердин жазганы.
Алладан жардам тилеп, алгач "Фатиха" суроосунон башта. Журогун тазаланып, жан дуйнон жайланып, анан жашоо менен жаратылыштын, дуйно менен акыреттин сыры ачыла берет. Андайын колундан жетелеп, ийгиликтин жана жеништин жолуна салат. Кийин аны менен баарлашкан сайын, бакыттын даамын татасын.
Негизи ар бир ийгилигин, ар бир женишин, ар бир кубанычын ушул китеп менен байланыштуу экенине ишен. Алла Таала бул китепти нур, туура жол жана шыпаа кылып тушургонуно ишен. Фирдаус бейишинин торунон орун алганынча, Куран сени жалгыз таштабайт.
Азыр башта, баракты ач, сага жакшылык, береке жана бактылуулук эшигинин ачылуусу менен куттуктайм! Мына ушул ирмемден баштап, сен койгой, санаа, туйшук башка да толгон-токой жан кейитчу корунуштордун баарынан арыларына кепилдик берем.
Алланын берекесин умут кылып башта, Бисмиллах ! ...
📕 Бакыттын сырын ачтым .
*▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁*
*_Группага катталуу үчүн_*⬇ *《SАК》*
*What's app*
🚹 *Ислам Нуру Даават* ☪ *Мырзалар үчүн*?+996555866896.🚹
🚺 *Ислам Нуру Даават*☪ *Айымдар үчүн*🚺+996771145699🌸 +7 952 219-71-36 ✅ *Одноклассник* ✔ https://www.ok.ru/profile/565056956005 ✅ *инстаграм* https://www.instagram.com/islamnuru_daavat/ . ✅ *facebook* https://www.facebook.com/profile.php?id=100023416570642 ✅ *ВКонтакте* https://vk.com/id464973741 ✅ *Twitter* https://twitter.com/islamnuru10 *ЭСКЕРТУУ:*
❌❌🙅🏻♂🙅🏻♂🙅🏻♂❌❌
_*Макаланы башка группага жуктогунуз келсе эчнерсесин озгортпостон жуктонуз*.
https://vm.tiktok.com/ZSLUxjJGH/
https://vm.tiktok.com/ZSLUxjJGH/
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев