Жан кейийт жолдон кордум бара жатат.
Тытылган денелери башын катат.
Таш жолдун бир бурчунан орун алып.
Отуруп откондордон акча сурайт.
Откондор отот конул бурган жан жок.
Жанында туруп калдым бир аз токтоп.
Жинимдин келгенинен ичтен соктум.
Журбодун неге айтчы адамга окшоп.
Жанында турдум копко кете албадым.
Суугу да очошконсуп жааган каардын.
Астында жарымы суу картон кагаз.
Бейтааныш журокту эздин ойго салдын.
Ичкени ошол жаман арам арак.
Кочодо журот кундо жанын сабап.
Адамдын кейпин кийген айбан сымал.
Достошуп арак менен ал баратат.
Асылып алган экен ал мойнуна.
Жабышып кирип алган коюнуна.
Билбедим кандай ойлор жатат ичте.
Достошуп арак менен турмушунда.
Соз айтсам сезип турам мени укпайт.
Таш жолду таарынгансып улам муштайт.
Тагдырдын сыноосубу жалганы коп.
Бир да жан созун укпайт конул бурбайт.
Ичимен эзилгеним жаным кейип.
Баратат арак менен турмуш кечип.
Чонтоктон жуз сом алдым ичсе дагы.
Жонодум жумушума ага берип.
Капалуу эмнегедир ошол кунум.
Санааркап бейтаанышка ичтен куйдум.
Кайгыны жетелеген ошол бир жан.
Окумун суруп келет окунучтун.
Автор: Нурхан Жолдошбек
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 1